Бишкек, 11.08.26. /Кабар/. 2025-жылдын 1-сентябрына карата Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 91 миң кыргызстандык “кара тизмеге” киргизилген. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин үчүнчү катчысы Нургазы Жумалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.
Анын айтымында, эгер жаран өзүн кара тизмеге негизсиз киргизилген деп эсептесе, Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментине кайрылса болот.
“Негизсиз "кара тизмеге" түшүп калган учурлар аз. Мисалы, “Амина” тиркемеси өчүп калып, жашаган жеринин дареги жөнөтүлбөй калган же башка ушул сыяктуу учурлар да болушу мүмкүн”, – деди Жумалиев.
Ал белгилегендей, “Амина” мобилдик тиркемеси Россиянын Москва шаары жана Москва облусунда миграциялык каттоону жүргүзүү үчүн колдонулат. Аталган аймактарда иштеген кыргызстандыктар, алардын үй-бүлө мүчөлөрү, 18 жаштан жогору билим алуу максатында келгендер, ошондой эле конок катары келип, 90 күндөн кийин өлкөдө болуу максатын өзгөрткөн жарандар тиркемеде каттоодон өтүшү керек.
Белгилей кетсек, акыркы учурда кыргызстандыктардын миграциялык сабаттуулугу жогорулап, Россиядагы биздин жарандардын 90 пайызы бардык документтерин калыбына келтирип алгандыгы маалымдалды.
Ошондой эле Россияга кирүүдө ruID мобилдик тиркемесине катталуу каралса, ал эми өлкө ичинде Москва шаары жана Москва облусунда “Амина” тиркемесинде тиешелүү миграциялык каттоодон өтүү жарандарга мамлекеттик кызматтарды алууда ыңгайлуулук жаратарын кошумчалады.