Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары расмий түрдө башталды.
Владимир Путиндин кортежин “Ынтымак Ордого” атчандардан түзүлгөн “Кырк чоро” коштоп келди. Имарат алдына Ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни жаңырды. Мамлекеттик сапардын жүрүшү "Ала-Тоо 24" телеканалынан түз эфирде көрсөтүлүүдө.
Кыргызстан президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип буга чейин билдиргендей, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен өтүп жаткан бул сапар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк менен союздаштык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.
Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги багыттары, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралмакчы.
Мамлекеттик сапардын алкагында “Ынтымак Ордодо” расмий жолугушуу аземи, андан соң Кыргызстан – Россия тараптын сүйлөшүүлөрү пландалган. Жыйынтыгында эки өлкөнүн лидерлеринин биргелешкен билдирүүгө жана бир катар өкмөттөр аралык жана коммерциялык документтерге кол коюлары күтүлүүдө.
Эске салсак, Россиянын президенти Владимир Путин кечээ, 25-ноябрда Бишкекке мамлекеттик сапары менен келген. "Манас" эл аралык аэропортунда Россиянын лидерин президент Садыр Жапаров тосуп алган.