Бишкек, 14.08.25 /Кабар/. Россия өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин Чолпон-Атада өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында Россия-Кыргыз кызматташтыгы 2026-жылга чейинки экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык программанын алкагында өнүгүп жатканын билдирди.
Өкмө башчы белгилегендей, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү туруктуу өсүп, Россиянын Кыргызстандын экономикасына салган инвестицияларынын көлөмү көбөйүүдө. Бул республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ. Анын айтымында, бул иш менен Россия-Кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясы жигердүү алектенүүдө.
"Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 1700дөн ашык ишкана иштейт. Алар энергетика, өнөр жай, санариптик технологиялар тармагында долбоорлорду ишке ашырып жатат. Биздин жалпы максатыбыз — биргелешкен ишканалардын иши үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана жагымдуу инвестициялык, ишкердик климатты камсыздоо", - деди Мишустин.
Ошондой эле ал Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине оң баа берип, анын инвестициялык ресурсу Кыргызстандын аймактарында экономикалык өсүштүн кыймылдаткычы болгон чакан жана орто бизнести колдоо, анын ичинде 3500дөн ашык долбоорду ишке ашырууга мүмкүндүк бергенин белгиледи.
Мындан тышкары, ал гуманитардык кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Кыргызстанда орус тилинде окуткан, Россиянын билим берүү стандарттары боюнча мектептер курулуп, республикага россиялык мугалимдерди жөнөтүү практикасы уланууда.
Ал Евразия экономикалык биримдигинин алкагында жемиштүү кызматташууну жана Чолпон-Атадагы форумда жолугушуу салтын өзгөчө белгиледи.