Бишкек, 26.11.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) башчысы Анна Попова Кыргызстанга көчмө пневмокаркастык лабораторияларды тапшырды.
Жаңы жабдуулар эки өлкөнүн ортосундагы көп жылдык кызматташтыктын алкагында Россия тараптан белек катары берилди.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар боюнча республикалык борбордун бөлүм башчысы Кубанычбек Бектурдиевдин айтымында, бул лабораториялар мурда берилген беш мобилдик лабораториялардын санын толуктады. Буга чейинки берилген лабораториялар учурда өлкөдө ийгиликтүү колдонулууда.
“Жаңы лабораториялар толук жабдылган жана эң алыскы аймактарда да ыкчам диагностика жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Алар жүк ташуучу унааларга орнотулган, жол бар жерлерге тоскоолсуз жетет. Ал эми пневмокаркастык конструкциясы бир нече сааттын ичинде орнотулуп, кооптуу патогендер менен иштөөгө ылайыктуу, биологиялык коопсуздуктун бардык талаптарына жооп берет”, - деди Кубанычбек Бектурдиев.
Дарыгер белгилегендей, көчмө лабораториялардын негизги максаты - алыскы аймактарга барып, жеринен тез диагностика жүргүзүү.
“Биз аймактарга чыгып, жаныбарларды текшеребиз, кара тумоо сыяктуу оор эпидемияларды аныктайбыз. Бул лаборатория абдан жакшы жабдылыптыр. Ар бир жабдуусу талапка ылайык. Мисалы, атайын аба фильтри коюлуптур. Ал лабораториялык иштер бүткөн соң булганган абаны соруп, сырткы чөйрөгө зыян келтирбестен жок кылат. Башкача айтканда, экологияга зыяны жок. Ошондой эле дарыгерлердин коопсуздугу да жогорку деңгээлде камсыздалган. Лаборатория оор жугуштуу илдеттер аныкталса, ошол жерден дароо залалсыздандыруу иштерин жүргүзө алат. Биз негизинен жаз айларында аймактарга чыгабыз. Бул маалда кар тумоосу жана башка илдеттердин белгилери анык байкалат. Уктап жаткан жаныбарлар дагы сыртка чыгат. Ошол маалда анализ алып, ыкчам иш алып барууга эң ыңгайлуу учур”, - деп кошумчалады Бектурдиев.