Бишкек, 12.11.26 /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев Улуттук онкология жана гематология борборунун дарыгерлери менен жолугушту.
Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда 19-23-октябрь күндөрү Лейлек районуна барып, жергиликтүү тургундарды акысыз медициналык кароодон өткөргөн дарыгерлердин ишинин жыйынтыгы талкууланды.
Ошондой эле текшерүүдөн өткөн балдар жана чоңдор арасындагы бейтаптардын абалы, аныкталган көйгөйлөр, мындан аркы медициналык көзөмөл жана дарылоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.
Дарыгерлер өздөрүнүн иш тажрыйбалары менен бөлүшүп, тармактагы көйгөйлөрдү жана сунуштарын айтышты. Өзгөчө онкологиялык ооруларды эрте аныктоо, бейтаптарды өз убагында текшерүүдөн өткөрүү жана керектүү медициналык жардамга жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду.
Белгилей кетсек, бул демилгени депутат Исманали Жороев колдоп, анын ишке ашуусуна көмөк көрсөткөн. Анын алкагында УЗИ дарыгери, балдар онкологу, гинеколог, жалпы практикалык дарыгер жана маммолог 19-октябрдан 23-октябрга чейин Раззаков, Сүлүктү шаарларында жана Баткен шаарында жайгашкан үй-бүлөлүк медицина борборлорунда тургундарды акысыз кабыл алышты.
Жолугушууда Исманали Жороев элдин ден соолугуна байланышкан маселелерди чечүүдө дарыгерлер менен мындан ары да тыгыз кызматташууга даяр экенин белгилеп: «Анткени элдин саламаттыгы – баарыбыз үчүн орток жоопкерчилик», – деген эл өкүлү Лейлек эли үчүн акысыз медициналык жардам көрскөн дарыгерлерге Жогорку Кеңештин Ыраазычылык каттарын тапшырды.