Россия Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция салды – Путин

Саясат Загрузка... 26 Ноябрь 2025 15:15
347639838966779.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россия Кыргызстанга 2 млрд долларга жакын инвестиция салды, - деди Россиянын президенти Владимир Путин Садыр Жапаров менен жолугушууда.

Анын айтымында, Кыргызстанда Россиянын катышуусу менен 1,7 миң ишкана иштеп жатат.

"Сиз Россиянын инвестициялары тууралуу айттыңыз. Чынында эле инвестициялар да өсүп, дээрлик 2 млрд долларга жетти", - деди ал.

Путин россиялык инвесторлордун Кыргызстан менен кызматташууга болгон ишеними жана алардын кыргыз экономикасына инвестиция салуусу өлкө жетекчилигинин аракеттерине жана ички саясаттагы оң динамикага байланыштуу экенин белгиледи.