Россия Кыргызстанда күн электр станциясын жана жаңы ЖЭБ курууну пландоодо — Кабар

Россия Кыргызстанда күн электр станциясын жана жаңы ЖЭБ курууну пландоодо

Саясат 26 ноябрь 2025 19:09
Россия Кыргызстанда күн электр станциясын жана жаңы ЖЭБ курууну пландоодо
copyright icon WWW

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россия Кыргызстанды электр энергиясы менен да камсыз кылууда, - деди Россиянын президенти Владимир Путин "Ынтымак Ордодо" президент Садыр Жапаров менен өткөн кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында.

Анын айтымында, Россия компаниялары Кыргызстандагы дарыяларда ГЭСтерди долбоорлоо жана модернизациялоого катышып жатат.

"Өлкөнүн түндүгүндө ири күн электр станциясын жана жаңы заманбап ЖЭБ куруу пландалууда.
Ошондой эле "Росатом” уран өндүрүлгөн аймактарды рекультивациялоо боюнча кеңири масштабдуу программаны ишке ашырууда", - деди Путин.