Россия Кыргызстанда биринчи АЭС куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө

Экономика Загрузка... 26 Ноябрь 2025 22:55
WhatsApp_Image_2025_eLXDxBV.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россия Кыргызстанда чакан модулдук реактор алдыңкы технологиялары менен биринчи атомдук электр станциясын куруу мүмкүнчүлүгүн изилдөөдө. Бул тууралуу Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин "Ынтымак Ордодо" эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жасаган билдирүүсүндө маалымдады.

Путиндин айтымында, бул технологиялар эң жогорку коопсуздук жана экологиялык талаптарга жооп берет.

"Росатом уран өндүрүүчү өндүрүш аянттарын рекультивациялоонун масштабдуу программасын ишке ашырууда. Кыргызстанда алдыңкы россиялык технологиялар боюнча биринчи АЭСти коопсуздуктун жана айлана - чөйрөнү коргоонун жогорку талаптарына жооп бере турган чакан модулдук реакторлорду куруу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө", - деп белгиледи президент.

Ошондой эле россиялык компаниялар Кыргызстандын дарыяларындагы ГЭСтерди долбоорлоого жана модернизациялоого катышып жатканы кошумчаланды.