Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду 1 млрд долларлык 3,6 миң долбоорду каржылады

Экономика Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 16:20
3124323.db94929d39518afe9c77c59d864c8d9f.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. 2015-2025-жылдары Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстанда жалпы суммасы 1 млрд 28 млн долларды түзгөн 3 696 долбоорду каржылады. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 163 ири инвестициялык долбоорго 735,4 млн доллар, ал эми 3 533 чакан жана орто бизнес долбооруна 292,5 млн доллар багытталган.

Министрликтин маалыматына караганда, фонддун колдоосу менен каржыланган ишканалар 2025-жылы 172,9 млрд сом киреше таап, 342,7 млн долларлык продукция экспорттогон.

"Ошондой эле бюджетке 9,8 млрд сом салык төлөнүп, 33,7 миңден ашуун жаңы жумуш орду түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.