Россия өкмөтүнүн төрагасы расмий сапар менен Кыргызстанга келет

Саясат Загрузка... 12 Август 2025 10:45
5b3523cb374d887a4e5.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 12.08.25. /Кабар/. 14-августта Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин расмий сапар менен Кыргызстанга келет.

Алдыдагы расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөөрү, анда кыргыз-орус күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсү боюнча, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагында аракеттерди координациялоо маселелери каралаары пландалууда.

Ошондой эле иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров менен Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жолугушуусу күтүлүүдө.