Россия өкмөтүнүн төрагасы расмий сапар менен Кыргызстанга келди — Кабар

Россия өкмөтүнүн төрагасы расмий сапар менен Кыргызстанга келди

Саясат 14 август 2025 16:30
689dbc8ab6537.jpeg
689dbcda0d20a.jpeg
689dbcbe62468.jpeg
689dbcbe5b38d.jpeg
689dbcbdd85e2.jpeg
689dbcaad0047.jpeg
689dbc9560142.jpeg
Алдыга
Артка
689dbc8ab6537.jpeg
689dbcda0d20a.jpeg
689dbcbe62468.jpeg
689dbcbe5b38d.jpeg
689dbcbdd85e2.jpeg
689dbcaad0047.jpeg
689dbc9560142.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 14.08.25. /Кабар/. Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Жогорку даражалуу конокту “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды.

Анда килем төшөлүп, ардактуу кароолдун ротасы тизилди.

Белгилей кетсек, расмий сапардын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен кыргыз-орус күн тартибиндеги бир катар маселелердин жыйындысы каралаары, анын ичинде соода-экономикалык мамилелер, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана интеграциялык бирикмелердин алкагындагы аракеттерди координациялоо боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөөрү күтүлүүдө.

Сапардын алкагында президент Садыр Жапаров менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин жолугушуусу пландалган.