Россия бажы көзөмөлүн катаалдатты: Кыргызстанга пайдасы жана тобокелдиктер

Экономика Загрузка... 25 Февраль 2026 17:03
6.webp
copyright icon WWW

2025-жылдын ортосунан тарта Россия Евразия экономикалык биримдигинин алкагында "көмүскө импортко" каршы күрөшүү үчүн импорттолуучу товарларды текшерүүнү күчөттү. Бул чаралар кыргыз продукциясынын, өзгөчө текстиль товарларынын экспортуна олуттуу басым жасады. Россиянын бажы көзөмөлүнүн жаңы тартибинин Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон кесепеттери тууралуу "Кабар" агенттигине Экономика министрлигине караштуу "Кыргыз Экспорт" мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Тилек Жумалиев айтып берди.

"Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Россияга экспорттук жөнөтүүлөрдүн өсүү темпи бир аз басаңдаганын байкап жатабыз. Бул өзгөчө жеңил өнөр жай продукцияларын жана айрым айыл чарба товарларын жеткирүүдө байкалууда, анткени экспорттоочу компаниялар сертификациялоо боюнча катаал талаптарга туш болуп, бул товар ташууну жайлатууда", — деп белгиледи Тилек Жумалиев.

Анын айтымында, бул чара узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ жана Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү санариптик көзөмөл контурун түзүү стратегиясына кирет. Бул стратегиянын алкагында электрондук-навигациялык пломбалар киргизилип, товарлардын көзөмөлдөнүшү жакшыртылууда, ошондой эле бажы алымдарын шайкеш келтирүү процесси жүрүүдө.

"Кыска аралыкта чакан жана орто бизнестин кирешеси төмөндөйт, анткени көптөгөн ишкерлер товарларын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте же "көмүскө" схемалар менен ташып келишкен. Натыйжада, чакан жана орто бизнестин басымдуу бөлүгү рыноктон чыгууга, ирилешүүгө же "ачык-айкын" жеткирүүгө өтүүдө", – деди Жумалиев.
7

Ал кошумчалагандай, барган сайын көбүрөөк кыргыз компаниялары жаңы комплаенске, башкача айтканда, мыйзамдык жана ченемдик талаптардын сакталышын камсыз кылган чаралар менен процедуралар тутумуна жана Россиянын жаңы талаптарына ылайыкташа баштады. Ири компаниялар эл аралык сапат стандарттарын ишке киргизүүнү аяктады.

"Кыргыз Экспорт" борбору россиялык импорттоочулар жана сатуучулар койгон жаңы талаптар боюнча жума сайын тренингдерди жана семинарларды өткөрүп турат. Эксперттер шайкештик декларациясын, шайкештик сертификатын жана "Честный знак" маркалоосун кайдан алуу керектигин түшүндүрүп беришет. Биз атүгүл каякка кайрылуу керек, кайсы эксперттерге баруу зарыл жана ал канча турары тууралуу кадамдык нускамаларды жана пландарды иштеп чыктык. Ошондой эле транспорттук компаниялардын жана Салык кызматынын адистери маркетплейстерге товар жеткирүүдө товардык-транспорттук коштомо кагаздарды кантип туура толтурууну жана эсеп-фактураны кантип чыгарууну үйрөтүшөт", — деп белгиледи Жумалиев.

"Өткөөл мезгилдин кыйынчылыктарына карабастан, анын пайдасы айдан ачык. Бизнестин "ачыкка чыгышы" узак мөөнөттүү экономикалык артыкчылыктарды берет: өлкө бюджетинин өсүшү, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү, инвестициялык жагымдуулуктун артышы, ошондой эле чет элдик ири инвесторлорго түшүнүктүү болгон ачык-айкын экономиканын түзүлүшү. Мындан тышкары, ачык-айкын иштөө бизнести эсептердин күтүүсүз бөгөттөлүшүнөн жана санкциялык тобокелдиктерден коргойт», – деп жыйынтыктады ал.

Өз кезегинде эксперт, экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров Россия тараптан бажы көзөмөлүнүн катаалдашы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн соодасына таасирин тийгизип жатканын жана Кыргызстан аркылуу өтүүчү экспорт менен реэкспорттун түзүмүн өзгөртүшү мүмкүн экенин белгилейт.

"Евразия экономикалык биримдигинин алкагында импорттук процесстерди жөнгө салууну катаалдатуу улантылууда. Бул механизм башында эле бирикменин деңгээлинде киргизилиши керек болчу. Учурда Россия өз аймагына товар жеткирүү алдын ала болжолдонгондой, ачык-айкын болушу жана көмүскө схемаларды колдонууну жокко чыгаруу үчүн импортту иретке келтирүү боюнча кадамдарды жасоодо", — дейт эксперт.
8

Бул чаралар Россия менен соода кылган өлкөлөргө таасирин тийгизиши күтүлүүдө. Алсак, Кыргызстан үчүн бул өзгөрүүлөр белгилүү бир кыйынчылыктарды, баарынан мурда товар ташуу көлөмү аз болгон чакан ишканалар үчүн тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн.

Ошол эле учурда, орто жана ири компаниялар үчүн жаңы эрежелер кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Эксперт бул узак мөөнөттүү тенденция экенин баса белгилейт: Россия өз дарегине келген жүктөрдү толугу менен "ачыкка чыгарууну" жана көмүскө схемаларды жоюуну көздөөдө. Ушуга байланыштуу Кыргызстан аркылуу өткөн реэкспорт акырындап чектелип турмакчы.

"Өткөөл мезгил документтерди тариздөө, логистика жана бизнес-процесстерди ыңгайлаштыруу менен байланышкан убактылуу кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн. Бирок, процедуралар иретке келтирилген сайын кырдаалдын турукташуусу күтүлөт", - деди ал.

Ошондой эле Абдыров узак мөөнөттүү келечекте Кыргызстандын орто жана ири компаниялары үчүн жаңы шарттар кыйла ыңгайлуу болуп калышы мүмкүн экенин белгилейт. Мындай мамилени өнүгүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк катары кароо сунушталат.

"Мындан тышкары, ЕАЭБдин алкагында соода процесстерин санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Россияда бул багыт жогорку деңгээлде өнүгүүдө жана санариптик инструменттерди, анын ичинде учурдагы рыноктук баа боюнча товарды дароо жеткирүү менен соодалоо механизмдерин өркүндөтүү иштери улантылат. Мындай шартта рыноктун катышуучулары белгиленген эрежелерге көнүп, өз ишмердүүлүгүн жаңы талаптарга ылайык түзүүсү зарыл", - деп жыйынтыктады эксперт.