Россия 15 млн доллар уурдоого шектелген жаранды Казакстанга өткөрүп берди

Борбор Азия Загрузка... 22 Сентябрь 2025 12:40
1935724754_0_161_30.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Россия Казакстанга анын жаранын өткөрүп берди, ал түндүктөгү Акмола облусунда шамал электр станциясын курууга арналган 15 миллион доллардан ашык каражатты уурдоого шектелүүдө деп кабарлайт Казакстандын Башкы прокуратурасына шилтеме берүү менен РИА Новости.

«Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, көрсөтүлгөн адам курулуш компаниясынын жетекчиси болуп туруп, 2020-2022-жылдар аралыгында жеке адамдар тобу менен алдын ала сүйлөшүп алып, жасалма келишимдерди түзүү жана туунду компаниялар аркылуу акча каражаттарын которуу жолу менен 8,5 миллиард теңгеден (15 миллион доллардан ашык – ред.) уурдап кеткен», – деп айтылат көзөмөл органы Telegram-каналында жарыяланган билдирүүдө.

«Самрук-Энерго» ААК 2007-жылы түзүлгөн Казакстандагы ири электр энергетикалык холдинг компаниясы. Компаниянын жалгыз акционери «Самрук-Казына» улуттук байлык фонду болуп саналат.

Такталгандай, уурдалган каражаттар Акмола облусунда шамал электр станциясын курууга багытталган. Кылмыш жасалгандан кийин, шектүү качып кеткен жана ага эл аралык издөө жарыяланган.

«Быйыл февраль айында ал Россия Федерациясынын аймагында кармалып, Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен Казакстанга өткөрүлүп берилди. Учурда шектүү тергөө абагына камалды», – деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратура белгилегендей, быйыл май айында бул кылмышка катышкан башка шериктер ар кандай мөөнөттөргө эркинен ажыратылышкан. Экстрадицияланган шектүүгө 5 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө камак жана мүлкүн конфискациялоо жазасы берилүүсү мүмкүн, дешти ведомстводон.