Роналду кийинки дүйнө чемпионаты анын акыркы оюну болорун айтты

Спорт Загрузка... 12 Ноябрь 2025 18:16
WhatsApp Image 2025-11-12 at 17.55.55.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 12.11.25 /Кабар/. Сауд Аравиясынын "Аль-Наср" командасынын чабуулчусу жана капитаны, 40 жаштагы Криштиану Роналду 2026-жылы Канада, Мексика жана АКШда өтө турган ФИФАнын Дүйнө чемпионаты анын акыркы оюну болорун билдирди. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, анын жашы өтүп бараткандыктан, анын эми ири турнирлерде ойношу кыйын болот.

Кийинки Дүйнө чемпионаты чындап эле анын акыркы оюну болобу деген суроого ал мындай деп жооп берген:

“Ооба. Мен 41ге чыктым. Эми мындай чоң турнирге дагы катыша аламбы же жокпу билбейм. Азыр болсо болгону учурдан ырахат алып жатам”, - деген ал Сауд Аравиясында өткөн туризм форумунда берген маегинде.

Белгилей кетсек, өткөн айда Роналду Forbes журналы тарабынан 2025-жылдагы дүйнөдөгү эң көп киреше тапкан футболчу деп таанылып, жылдык кирешеси 280 млн долларды түзгөн.