Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт.
Иш-чарада көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду жана маданий мурасы, климаттын өзгөрүшү жана санариптештирүү шартындагы туруктуу өнүгүү, саясий-укуктук системалар, археологиялык ачылыштар, этноспорт жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары талкууланат.
Илимий иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев ачып, саламдашуу сөзүн сүйлөйт. Ошондой эле ачылыш аземине ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы ICHCAP борборунун директору Ким Доксун катышат. Иш-чарага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова модераторлук кылат.
Конференциянын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда тематикалык сессиялар өтүп, түштөн кийин 8 параллелдүү секцияда талкуулар уюштурулат.
Мындан тышкары, катышуучулар үчүн китеп көргөзмөсү, музейге экскурсиялар уюштурулуп, достук жана биримдиктин символу болгон түндүк көтөрүү аземи өтөт.