Үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү үчүн “Элдик Банктан” жылдык 3% менен кредит

Бизнес Загрузка... 17 Июнь 2025 10:00
70c5bf2f-ab43-40fd-ae5a-3fa43558acf8.jpeg
copyright icon Элдик Банк

«Элдик Банк» ААК өлкөбүздүн айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө багытталган «Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү» аттуу жаңы жеңилдетилген кредиттик продуктуну ишке киргизди. Бул программанын алкагында каржылоо жылдык 3% менен берилет.

Долбоор аркылуу төмөнкүлөр колдоого алынат:

  • үрөн чарба статусуна ээ болгон жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнүн өстүрүү менен алектенген үрөн чарбалары;
  • мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн өстүрүү жана сатуу менен алектенген питомник чарбалары.

Кредит берүүнүн шарттары:

  • Пайыздык чен: 3% (НПЧ 3,04%)
  • Мөөнөтү: 36 айга чейин
  • Жеңилдетилген мөөнөт: 12 айга чейин
  • Кредиттин суммасы:
  • 300 000 сомго чейин — күрөөсүз;
  • 300 000 сомдон 10 000 000 сомго чейин — күрөө менен.

«Элдик Банк» дыйкандар үчүн жеткиликтүү жана натыйжалуу финансылык чечимдерди сунуштоо менен, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча иштерди улантууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн Банктын жакынкы бөлүмдөрүнө кайрылсаңыздар болот.

Улуттук банктын №033-лицензиясы