Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. 6-ноябрга карата "Кыргызстанда үрөнчүлүктү жана питомниктерди өнүктүрүү" долбоору боюнча 3,15 млн сом жеңилдетилген насыя берилди.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, насыяны 3 каржылоо субъектиси алды.
Бул долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банк" ААКтар катышууда, аларды насыялоонун суммасы 100 млн сомду түзөт.
Белгилей кетсек, аталган долбоор өлкөдө үрөнчүлүктү жана питомниктерди андан ары туруктуу өнүктүрүү, сорт алмаштырууну жана сорт жаңыртууну өз убагында жүргүзүү максатында министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.