Бишкек, 18.11.25. /Кабар/. China Southern Airlines авиакомпаниясы Үрүмчү — Ош — Үрүмчү багыты боюнча каттамдарын жандантты. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору"ААКтан билдирди.
Маалыматка ылайык, каттамдар ар ишемби күнү аткарылат.
Толук маалымат авиакомпаниянын расмий сайтында берилген.