Өрүкзар поэзиясына 35 жыл. Баткенде жаш акындар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Маданият 18 Апрель 2025 09:50
492074027_1212619486898171_8228059278167759779_n (1).jpg
492042533_1212619600231493_381707051769898768_n.jpg
492177277_1212619563564830_6405948954711712001_n.jpg
492017244_1212619553564831_2322638449355877262_n.jpg
491865777_1212619473564839_4067726653784583032_n.jpg
491831847_1212619593564827_1281860942857717840_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Баткенде өткөн "Өрүкзар поэзия" эл аралык фестивалындагы жаш акындар арасында өткөн сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жеңүүчүлөр "Курбаналы Сабыров" атындагы сыйлыктын лауреаты болушту.

Жыйынтыгында жаш акын Максат Жангазиев баш байгени жеңип, 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.

1- орунду Гүлүмкан Исаева
2- орунду Махабат Касенова
3-орунду Жибек Сапар кызы
3-орунду Бүкалча Мамадали кызы ээледи.

Бардык жеңүүчүлөр төш белги жана акчалай сыйлыктарга татыды.

Белгилей кетсек, эки күн бою Лейлек районунун Раззаков шаарында акын Курбаналы Сабыровдун жаркын элесине арналган "Өрүкзар поэзиясы" фестивалы өтүп, ага Өзбекстан, Тажикстан, Казакстандан адабият сүйүүчүлөр катышты.