Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков "Кабар" агенттигине Россия санкциялар алдында турганда, фонд россиялык капитал менен кандай иш алып барып жатканын айтып берди.
Новиков белгилегендей, бул албетте сезилип жатат. Россия - Кыргыз өнүктүрүү фонду деген аталыштын өзү толук кандуу эл аралык уюм болгонуна карабастан, эл аралык өнөктөштөрдү коркутуп жатат. Фондду түзүү жөнүндө келишим БУУда катталган.
"Биз бардык эл аралык саясатты карманабыз, айрыкча алкоголь, тамеки, балдар эмгеги менен байланышкан долбоорлор боюнча институционалдык деңгээлде фонддун ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бирок, биз бардык институттар менен иштеп жатабыз. Биздин эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте каржылаган долбоорлорубуз, анын ичинде БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму, БУУӨП жана башка уюмдар менен долбоорлорубуз бар.
Биз бардык өнөктөштөр менен үзгүлтүксүз жолугушуп турабыз. Албетте, көпчүлүк аталышыбыздан коркушат, бирок устав боюнча капитал фонддун карамагында гана болот деп каралган. Биз долбоорлорду Кыргызстандын аймагында гана каржылайбыз, акча бөлүштүрүүгө тыюу салынат, фонддун башкармалыгында көпчүлүк Кыргыз Республикасынын өкүлдөрү болуп саналат жана биз эл аралык компаниялар тарабынан көз карандысыз аудиттен өтөбүз. Институттар биздин ачыктыгыбызды көрүп турушат. Учурда бизде долбоорлорду каржылоодо жана банк сектору менен иштөөдө кыйынчылыктар жок", - деди ал.