РКӨФ капиталын 1 млрд долларга жеткирип, ЕАӨБдөн 50 млн доллар алат – Новиков

Экономика Жүктөлүүдө... 06 Август 2026 14:45
IMG_5678.jpeg

Диана Айдарова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.08.26 /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) капиталын 2030-жылга чейин эки эсеге көбөйтүп, 1 млрд долларга жеткирүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу фонддун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков Кыргыз-Россия экономикалык форумунун алкагында маалымдады.

Анын айтымында, бул багыттагы алгачкы практикалык кадамдар форумдун жүрүшүндө жасалат.

”Биз Евразия өнүктүрүү банкы менен 50 млн долларга жакын каржылоону тартуу боюнча тийиштүү келишимге кол коюуну пландап жатабыз”, — деди Новиков.

Белгилей кетсек, аталган фонд тарабынан өткөн жылы өлкө экономикасына 135 млн доллар жумшалса, быйыл бул көрсөткүч 300 млн долларга чукулдады. Ал эми фонд тарабынан бөлүнгөн жалпы каржылоонун көлөмү 1,5 млрд долларга жакындап, анын бардыгы республиканын экономикасын чыңдоого жана өнүктүрүүгө багытталган.