РКӨФ аймактардын туруктуу өсүшү үчүн зарыл шарттарды түзөт – Новиков

Экономика Загрузка... 17 Октябрь 2025 18:18
WhatsApp Image 2025-10-17 at 17.38.11.jpeg
copyright icon WWW

Бишкек, 17.10.25. /Кабар/. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде фонддун өлкөнүн аймактарындагы иштери тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, фонд өлкөнүн бардык аймактарында иштөөгө аракет кылат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун маанилүү миссияларынын жана милдеттеринин бири Кыргызстандын бардык региондорун бирдей өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

“Биздин долбоорлордун 85 пайыздан ашыгы аймактарда ишке ашат. Нарын, Талас жана Баткен сыяктуу аймактар үчүн биз өзгөчө шарттарды түздүк. Тагыраагы, долбоорду каржылоодо коюлчу талаптарды азайттык. Мисалы, Бишкекте, Чүй облусунда жана ага жакын аймактарда 1 млн доллардан, башка аймактарда 200 миң доллардан баштап долбоорлорду каржылайбыз. Нарын, Талас жана Баткен облустарында биз сом менен каржылоонун жеңилдетилген шарттарын сунуштайбыз. Тагыраак айтканда, биз ал жакта 100 миң доллардан баштап долбоорлорду карап жатабыз", - деди ал.

Новиков белгилегендей, Жалал-Абад жана Баткен облустарында пайдалуу кендер, энергетика жана өнөр жай тармактарын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Ал эми Ысык-Көл облусу негизинен туризм тармагына басым жасоого ыңгайлуу.

"Биз азыр ландшафттык өзгөчөлүктөрдү, экотуризм жана этнотуризм мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле ар аймактын өнүгүү мүмкүнчүлүгүн анализдеп жатабыз. Ошондуктан бизнес өкүлдөрү кайсы бир долбоор менен кайрылганда, бул долбоор кайсы жерде ишке ашса натыйжалуу болоруна талдоо жүргүзөбүз. Себеби, биз ресурстук база, адам ресурстары, экспортко мүмкүнчүлүк, жеткирүү жана логистика, кошумча керектелүүчү компоненттер сыяктуу факторлорду эске алабыз. Мисалы, Нарын облусунда чийки зат базасы жок болсо, ал жакта завод куруу башка аймактарга караганда кыйла кымбатка түшөт. Натыйжада ал ишкана экономикалык жактан пайдалуу болбой калышы мүмкүн", — деди ал.

Новиков бир нече жыл мурда Россиянын жер семирткичтердин федералдык реестри уяң жүндүү кой чарбасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөндүгүн айтты.

"Бардык тарыхый тажрыйбаны, азыркы тажрыйбаны талдап, бул изилдөөнү Айыл чарба министрлиги менен бөлүштүк. Фонд учурда башка мамлекеттик органдар менен активдүү иш алып барууда",-деди ал.