РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет — Кабар

РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет

Саясат 27 июнь 2025 10:19
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга келет
copyright icon WWW

Бишкек, 27.06.25. /Кабар/. Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 28-29-июнда расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча келүүдө.

Иш-сапардын алкагында эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү пландалып, анда кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын актуалдуу маселелери, ошондой эле эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жана эл аралык күн тартибинин негизги аспектилери талкууланат.