Бишкек, 14.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда борбор калаада реновация процесси кандай жүргүзүлөрүн билдирди.
Шаар башчысы бардык иштер батирлердин жана үйлөрдүн ээлеринин макулдугу менен ишке ашарын белгиледи. "Реновация жокко чыгарылбайт, бирок ал батир ээлеринин мыйзамдуу кызыкчылыктарын эске алуу менен жүргүзүлүшү керек.
Шаарда көптөгөн жаңы курулуштар жүрүп жатат, менимче бул реновация процессинин башталышы. Бул бир күндүк иш эмес. Биз бардык үйлөрдү бузуп, анан жаңысын салабыз деп план кылган жокпуз. Бул – узакка созула турган процесс. Бишкек шаарынын жаңы башкы планында да реновация каралган", - деди ал.
Шаар башчы реновация башаламан жүргүзүлбөстөн, Бишкектин тигил же бул зонасынын өнүгүүсүнө жараша гана ишке ашарын баса белгиледи.