Түштүк Корея эмгек миграциясы үчүн эң жагымдуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет, анткени ал жогорку эмгек акыны, туруктуу эмгек шарттарын жана социалдык коргоону айкалыштырат. Жумуш берүүчүлөр мигранттардын жашоосун ыңгайлуу жана коопсуз кылуу үчүн турак-жай, тамак-аш жана медициналык камсыздандыруу менен камсыз кылышат.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун директору Бактыбек Кудайбердиев "Кабар" агенттигине билдиргендей, жыл башынан бери 241 кыргызстандык Түштүк Кореяга иштөө үчүн кетти.

Эмне үчүн кыргызстандыктар Түштүк Кореяны тандашат?
Анын негизги себеби эмгек мамилелери Бишкек менен Сеулдун ортосундагы өкмөттүк келишимдер менен жөнгө салынып, ортомчулар жоюлуп, эксплуатация коркунучу азаят. Көптөгөн кыргызстандыктар Кореяда тартип жана эмгек бааланарын, ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуу менен олуттуу байлык топтоого же өнөр жайда жана өндүрүштө талап кылынган кесипкөйлүккө ээ болууга болорун белгилешет.

Түштүк Корея – адискөй жумушчулар үчүн туруктуу багыт
Түштүк Кореяда ишке орношуу үчүн экзамен жыл сайын январь-февраль айларында Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт. Кореялык адистер экзаменди EPS-борборунда жеке өздөрү кабыл алышат. Талапкерлер корей тилинен тест тапшырышып, медициналык кароодон өтүшөт жана жөндөмдүүлүгү текшерилет. Бардык этаптардан ийгиликтүү өткөндөр гана чет өлкөгө чыгуу укугуна ээ болушат, — деп билдирди Бактыбек Кудайбердиев.
"Келишимдер жыл бою акырындык менен келе берет. Бир кварталда бир, эки, айрым учурларда үч жолу жумушка алуу жүргүзүлөт. Бир жолкусунда 15тен 40ка чейинки адамдар кетишет. Учурда Кореяда Кыргызстандын 241 жараны иштеп жатат. Негизги багыт — заводдор жана фабрикалар, ал жерде эмгек акы кошумча иштөөнү эсепке албаганда, айына 1,5 миңден 2,2 миң долларга чейин төлөнөт. Жашоо шарты жана тамак-ашы жумуш берүүчү тарабынан камсыздалат", — деп белгиледи Кудайбердиев.
Кызматташтык программасы 18 жылдан бери иштеп келе жатат. Бул аралыкта 5000ге жакын кыргызстандыктар Түштүк Кореяга барса, учурда 1600дөй жаран иштеп жатат. Келишим 4 жыл 8 айга түзүлгөн. Жакында Кореяда мурда иштегендер үчүн сынак өткөрүлдү: 30 катышуучудан 15и тандоодон ийгиликтүү өттү.

Улуу Британия мигранттарды тартуунун жаңы багытына айланууда
Акыркы үч жылда Улуу Британияга эмгек мигранттарынын агымы тездик менен өсүп жатат. Эгер 2022-жылы ал жакка 1500 жаран кеткен болсо, 2024-жылы бул сан 8200 адамга жеткен. 2025-жылдын башынан бери эле Улуу Британияга 8600 кыргызстандык жөнөп, жылдын аягына чейин алардын саны 10 миңден ашат деп күтүлүүдө.
Мында жумуш сезондук мүнөзгө ээ — негизинен айыл чарба ишканаларында, анын ичинде кулпунай жана алма терүү иштеринде. Бул багыт адамдарды эмгек акынын жогорулугу, жашоо шарттарынын кепилдениши жана так келишимдик системасы менен тартууда.

Кыргызстан эмгек миграциясын диверсификациялоодо
Эксперттер Кыргызстан акырындык менен эмгек багыттарын диверсификациялап жатканын белгилешет. Эгер мурда Россия үстөмдүк кылып келсе, азыркы учурда эмгек акысы жана социалдык коргоосу жогору болгон өлкөлөргө жумушка орноштуруу колго алынууда.
Түштүк Корея туруктуу жана узак мөөнөттүү келишимдерди камсыз кылса, Улуу Британия сезондук, бирок массалык суроо-талапты берет. Мындай диверсификация бир рынокко көз каранды болуу тобокелдигин азайтып, өлкөгө валюталык кирешенин көбөйүшүнө өбөлгө түзөт.
Адистердин баамында, жакынкы жылдары мамлекет тарабынан колдоого алынган коопсуз жана легалдуу эмгек миграциясы программасы үчүн дал ушул Корея жана Улуу Британия негизги багыттар болуп калышы мүмкүн.