Рейддик иш-чара: Караколдо жапайы кара куурайлар жок кылынууда

Аймак 375 12 Июль 2026 13:20
IMG_4753.jpeg
IMG_4752.jpeg
IMG_4751.jpeg
IMG_4750.jpeg
IMG_4749.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4753.jpeg
IMG_4752.jpeg
IMG_4751.jpeg
IMG_4750.jpeg
IMG_4749.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 12.07.26. /Кабар/. Каракол шаарынын аймагында жапайы өскөн кара куурайларды аныктоо жана жок кылууга багытталган ”Кара-курай” аталышындагы масштабдуу профилактикалык иш-чара өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында шаардын тоо-талаа өрөөндөрүндө жапайы кара куурай өскөн очоктуу аймактар аныкталып, тазалоо жана чаап, жок кылуу иштери жүргүзүлүүдө. Бул багыттагы иштер атайын техникалардын жана кол эмгегинин жардамы менен ишке ашырылууда.

Иш-чарага төмөнкү кызматтар катышууда:

  • Каракол шаарынын мэриясынын өкүлдөрү;
  • Шаардык ички иштер бөлүмүнүн (ШИИБ) кызматкерлери;
  • ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын адистери.
“Кара-курай” иш-чарасынын негизги максаты — баңгизат каражаттарын мыйзамсыз даярдоого жана жайылтууга шарт түзгөн жапайы кара куурай өскөн аймактарды өз убагында аныктап, жок кылуу, ошондой эле баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө бөгөт коюу болуп саналат”, — деп айтылат маалыматта.