Рейд жүрүүдө. Коомдук транспортто жол кире төлөбөгөндөргө айып салынат

Коом

Алдыга
Артка

Бишкек, 27.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарында муниципалдык коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн жол кире төлөөсүн текшерүү боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Мэриядан билдиришкендей, рейддик иш-чараны Транспорт жана жол-транспорттук инфрастүзүмдү өнүктүрүү департаментинин кызматкерлери, «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын өкүлдөрү, Бишкек шаарынын ШИИББы жана «Тулпар» бирдиктүү картасынын адистери менен биргеликте өткөрүүдө.

Рейд учурунда жүргүнчүлөрдүн жол кирени төлөгөн-төлөбөгөнү текшерилип, эгерде жол кире төлөбөй койгон фактылар аныкталса, жүргүнчүлөр мыйзамдардын негизинде айыпка жыгылат.

Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 199-беренесинин 8-бөлүмүнө ылайык, муниципалдык коомдук транспортто жол кире жана жүктүн акысын төлөбөө, ошондой эле шаардык коомдук транспортту колдонуу эрежелерин бузуу – жеке жактарга 10 эсептик көрсөткүч (1000 сом) өлчөмүндө айып салынат.

"Урматтуу шаар тургундары жана жүргүнчүлөрү! Жол кирени накталай төлөм менен эмес, карта же QR-код аркылуу төлөөңүздөрдү өтүнөбүз. Эгерде накталай төлөсөңүздөр, сөзсүз түрдө талон алыңыздар",-деп айтылат маалыматта.