Рейд жүрүүдө. Бишкекте 126 мыйзамсыз жарнама такталары демонтаждалды

Коом Загрузка... 07 Ноябрь 2025 15:15
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Конституциялык мыйзамын жана "Жарнама жөнүндө" мыйзамын аткаруу максатында Биринчи Май районунда дагы бир рейд өткөрүлдү.

Мэриядан билдиришкендей, рейддин жыйынтыгында жалпысынан 126 мыйзамсыз жайгаштырылган жарнама конструкциясы демонтаждалып, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесинин 3 жана 4-бөлүктөрүнө ылайык сегиз протокол түзүлдү. Жалпы айып пулдун суммасы 40 миң сомду түздү.

Мындан тышкары, Свердлов районунда Гоголь көчөсүнүн боюнда, №12 жана №20 турак жай имараттарынын жанындагы жеңил конструкциялардын демонтаждоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чаралар Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине ылайык аткарылып, шаардык мейкиндикти пайдаланууну жакшыртууга, тургундардын коопсуздугун жана ыңгайлуу жашоо шарттарын камсыз кылууга багытталган.

Бул аймакта жети жеңил конструкция алынууда.

Борбор калаадагы бардык жарнамалар мыйзамдын талаптарына жооп бериши үчүн мындай иш-чаралар тынымсыз жүргүзүлө берет.