Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын экспорттук дараметин арттыруу максатында 2030-жылга чейин өлкө аймагында кошумча 40 соода-логистикалык борбор куруу пландалууда. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Суу ресурстары, айыл чарбасы жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалымдалгандай, Кыргызстанда учурда 40 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Ушул жылы дагы 8 соода-логистикалык борборду ишке берүү пландалууда.

2030-жылга чейин КР өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленгендей, ири дүйнөлүк жана региондук мамлекеттер менен курчалган Кыргызстандын географиялык жайгашуусу, геостратегиялык абал өлкөбүзгө транспорттук, логистикалык, финансылык жана соода агымдары үчүн региондук хаб болууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан акыркы жылдары мамлекет тарабынан логистикалык инфраструктураны түп тамырынан бери жаңылоо жана эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүү боюнча чоң максаттар коюлууда.
Улуттук программада өлкөнү өнүктүрүүнүн төрт негизги векторунун бири катары "Региондук хаб" аныкталып, максаттуу багыттар белгиленген:
- Темир жол транспортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу: темир жол транспортунун жүк жүгүртүүсүн жылына 15 млн тоннага чейин көбөйтүү;
- Кампалык жана логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү: 1 млн чарчы метрден кем эмес жаңы кампалык жана логистикалык комплекстер;
- Республикалык маанидеги автожолдордун кеминде 50%ын куруу, реконструкциялоо жана оңдоо;
- Транспорт тармагынын кошумча наркынын ИДПга кошкон салымын 1,5 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү;
- Авиаташуулардын көлөмүн көбөйтүү: ички жана эл аралык рейстерде жүргүнчүлөр агымын жылына 7 млн адамга чейин жана жүк ташууларды 45 миң тоннага чейин.

Белгилей кетсек, 2021-2024-жылдар аралыгында транспорттун бардык түрлөрү менен жүк ташуулардын көлөмү 21%дан ашык өскөн. Транспорт жана жүктөрдү сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 2021-жылдагы 28,6 млрд сомдон 2024-жылы 46,8 млрд сомго чейин 163,6%га өскөн. Ташуулардын түзүмүндө мурдагыдай эле автомобиль транспорту менен ташуулар басымдуулук кылат.
Өткөн жылга карата маалымат боюнча, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүүгө мүмкүндүк берүүчү 40 соода-логистикалык борбор иштеп жатат. Андан тышкары, ар кандай маркетплейстерде 2022-жылдын көрсөткүчүнөн үч эсеге көп, 30 миңден ашык кыргызстандык сатуучулар катталган.

Экономика жана бизнес боюнча эксперт Сергей Пономарев "Кабар" агенттигине билдиргендей, заманбап шарттарда логистика өтө маанилүү ролду ойнойт.
"Жүктү өз убагында жана минималдуу чыгым менен жеткирүү — бул ички рынокто да, тышкы рынокто да атаандаштыкка жөндөмдүү болуу дегенди билдирет. Кыргызстан бул багытта абдан жигердүү баратат. Баарынан мурда ири транспорттук системаларды бириктирип, Кыргызстан үчүн деңизге жол ача турган трансконтиненталдык темир жолду белгилегим келет. Буга чейин бизде мындай мүмкүнчүлүктөр болгон эмес. Ошондуктан мамлекет азыр жасап жаткан кадамдар экономикалык өнүгүү жагынан абдан маанилүү", — дейт ал.
Кыргызстан аркылуу ташуулардын көлөмүн көбөйтүү үчүн Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун, жаңы ички унаа жолдорун куруу жана оңдоо боюнча учурда алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Президент Садыр Жапаров Нарын облусунда белгиленген Нооруз майрамында сөз сүйлөп, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулуп бүтсө, өлкөнүн экономикалык жана логистикалык потенциалын көтөрөрүн белгиледи.

"Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу салынып бүтсө аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөрү менен биз транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул темир жол болжол менен 2030-жылы бүтөт деп турабыз”,— деди президент.
Маалымдалгандай, соода-логистикалык борборлордун дээрлик бардыгы кампалар жана атайын блоктор менен жабдылган, мында кайра иштетүү үчүн продукция жана чийки заттарды сактоо жана муздатуу мүмкүнчүлүктөрү каралган. Бул борборлордо айыл чарба продукциясын таңгактоо, маркалоо, сертификаттоо жана ташуу иштери жүргүзүлөт.
Экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров "Кабар" маалымат агенттигине билдиргендей, биздеги логистикалык борборлор эл аралык стандарттарга шайкеш келип, ЕАЭБдин алкагындагы регламенттерге ылайык салынышы керек.

"Соода-логистикалык борборлордун болушу жакшы көрүнүш. Биринчиден соода жакшы өнүккөн болсо, анын артынан өндүрүш, айыл чарба азыктарын өстүрүү, кайра иштетүү менен борбор аркылуу сатуу жакшы көрсөткүч. Экинчиден Кытай —Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу менен бул жолдон 7,5 млн тоннадан 13 млн тоннага чейин ар кандай жүктөр таашыла тургандыгы айтылууда. Мында сөзсүз түрдө товарларды сактоо үчүн логистикалык борборлор зарыл. Анткени, Кытайдан алып келген товарларды түшүрүп, кайра башка вагондорго жүктөөдө логистикалык борборлордун мааниси чоң. Логистикалык борборлор боюнча эл аралык стандарттарга жараша ЕАЭБдин алкагында атайын 53төй регламент бар. Борборлордо кандай муздаткычтар болуш керек, товарлар кандай шартта сакталыш керек бардыгы жазылган. Бизде айрыкча айыл чарба продукцияларын сактап, баасы жакшы болгон кезде башка мамлекеттерге сатууга мүмкүнчүлүктөр жаралат”,— деди Абдыров.