Экологиялык саммит: Борбор Азияда климаттык көйгөйлөрдү бирге жеңүү демилгеси көтөрүлдү

Аналитика Загрузка... 23 Апрель 2026 10:40
WhatsApp Image 2026-04-23 at 10.50.23.jpeg

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Казакстандын борборунда “Туруктуу келечек үчүн жалпы көз караш” аттуу Регионалдык экологиялык саммит өтүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин бул жолугушуусу чөлкөмдөгү экологиялык чакырыктарды жеңүү үчүн биргелешкен чечимдерди кабыл алууга жана аларды ишке ашырууга багытталган. Саммиттин алкагында климаттык жана экологиялык тобокелдиктерди инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө айландыруу, экономика үчүн туруктуу инфраструктура түзүү, жаратылышты коргоого багытталган каржылоону кеңейтүү жана "жашыл" экономикага өтүү процесстерин тездетүү сыяктуу стратегиялык маселелер каралууда. Бул иш-чара аймактын экологиялык коопсуздугун камсыздоо жана туруктуу өнүгүү жолунда мамлекеттердин күч-аракетин бириктирген маанилүү аянтча болуп саналат.

677842356_1534.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp

Борбор Азиянын экосистемалары бири-бири менен тыгыз байланыштагы үзгүлтүксүз механизм. Андыктан климаттын өзгөрүүсү чөлкөмдүн табигый комплексине бирдей өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Алсак, Кыргызстандын тоолору бүткүл аймакты суу менен камсыз кылат. Эгер бизде суу азайса Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстанда кургакчылык башталып, айыл чарба жерлери бузулат. Казакстандагы Арал деңизинен калган туздар Тянь-Шань менен Памирдин мөңгүлөрүн эритет. Айтмакчы, акыркы беш жылда Кыргызстандын аймагындагы мөңгүлөрдүн аянты 16%га кыскарган. Ал эми Ысык-Көлдүн суусу 14 метрге түшүп кеткен. Борбор Азия өлкөлөрүнүн суудан башка жаратылыш газы, көмүр менен камсыздоосу да табият ресурстарынан көз каранды.

Демек, региондо экологиялык маселелерди жалгыз чечүү оор иш. Буга байланыштуу коңшу Казакстан климаттын өзгөрүшүнөн улам пайда болгон экологиялык көйгөйлөрдү чогуу жеңүү жана жаңы климаттык шарттарга ыңгайлашуу аракеттерин бириктирүү демилгесин көтөрүүдө. Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттерин, өкмөт мүчөлөрүн, тармактын уюмдарынын жана негизги өнөктөш болгон БУУнун өкүлдөрүн чакырып Регионалдык экологиялык саммит өткөрүп жатат.

Мындай эл аралык диалогдор Кыргызстан үчүн маанилүү. Анткени президенттердин деңгээлиндеги тараптар климаттын өзгөрүшү шартында тоо экосистемаларын коргоо, демилгелерди каржылоо боюнча инструменттерди иштеп чыгуу, климаттык инвестицияларды тартуу жолдорун талкуулашат. Биздин өлкө үчүн көтөрүлгөн маселелердин, кабыл алынган чечимдердин натыйжасы маанилүү. Бул туурасында Астанадагы Регионалдык экологиялык саммитке катышып жаткан “Жашыл Альянс Кейжи” уюмунун өкүлү Арстан Кадыров "Кабар" агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-04-22 at 18.16.21.jpeg
“Кыргызстан үчүн РЭС абдан маанилүү. Себеби биздин мамлекет 2-3 чоң маселени көтөрүп, анын натыйжасын күтөт. Алардын биринчиси, Борбор Азияда мөңгүлөргө жана сууларга байланыштуу жалпы регионалдык саясатты туура багытта жалпы түшүнүккө келтирүү, кандай пайдаланып, кандай сактоо керектиги иреттелиши зарыл. Пайдалануу нуктарынын тартибин бекитүү жагы да бар. Кыргызстан Казакстан жана Өзбекстан менен бирге Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча иш алып барууда. Ушул боюнча да сөз болот деп ойлойм. Экинчиден, Кыргызстан тоолуу өлкөлөрдүн саясатын жүргүзүп келет. Саммит ушул позицияларды бекемдөө үчүн да мүмкүнчүлүк. Үчүнчүсү, туруктуу климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу иш чараларына эл аралык каржы уюмдарынын каражат тартуу маселеси”, - деп билдирди Арстан Кадыров.

Чындыгында Кыргызстан өзүнүн суу ресурстарынын төрттөн бирин гана колдонуп, калганын коңшу республикаларга берип келет. Суу инфраструктураларын өз калыбында иштетүү чоң чыгымды талап кылгандыктан, сууну пайдаланган өлкөлөрдүн да каржылык салымы зарыл. Буга байланыштуу президент Садыр Жапаров Астанадагы саммитте чөлкөмдө суу ресурстарын өз ара пайдаланууда экономикалык механизмдерди киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле каражатты биринчи кезекте өнүгүп келе жаткан тоолуу өлкөлөргө багыттоо зарылдыгын белгиледи.

“Биз кызыкчылыктардын тең салмагын таап, аймактагы суу жана энергетикалык ресурстарды бөлүштүрүү механизмдерине натыйжалуу экономикалык инструменттерди киргизүүдө комплекстүү мамилелердин негизинде өз ар кабыл алына турган чечимдерди иштеп чыгышыбыз керек”, - деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Климаттык өзгөрүлөргө ыңгайлашуу аркылуу туруктуу өнүгүү демилгесин Кыргызстан ондогон жылдардан бери эл аралык деңгээлде илгерилетип келет. Биздин өлкө Бириккен Улуттар Уюмунун алкагында эл аралык деңгээлде жүрүп жаткан климаттык иш-чаралардын негизги демилгечиси. Максаты тоо табиятын жана тоо элин өнүктүрүү үчүн каржы, инвестиция тартуу болуп саналат. Буга байланыштуу 2027-жылы Бишкекте Глобалдык тоо саммити өткөнү турат. Анда Астанада уюштурулган Регионалдык экологиялык саммитте көтөрүлгөн демилгелердин, кабыл алынган чечимдердин кандай аткарылып жатканы боюнча маселе көтөрүлүшү керек. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Кыргызстандын токой жана жер пайдалануучуларынын ассоциациясынын башкы директору Айткул Бурханов билдирди.

WhatsApp Image 2026-04-22 at 18.16.43.jpeg
“Акыркы 2-3 жылда топтолуп калган маселелерди жана ар бир өлкөнүн климаттын өзгөрүүсүнө байланышкан көйгөйлөрүн чечүү аракеттери жетиштүү деңгээлде болбой жаткандыгы сезилүүдө. Ошондуктан Казакстандын президенти "келгиле, биргеликте иш алып баралы" деген демилге менен бул саммитти уюштуруп жатат. Жалгыз иштөө оор, себеби Борбор Азиянын, деги эле Монголия сыяктуу коңшу аймактардын экологиялык көйгөйлөрү окшош.
Регионалдык экологиялык саммитте Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулушу керек. Анткени биз Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанды суу менен камсыздап жатабыз. Эгер төмөнкү агымдагы өлкөлөр суу ресурстарынын туруктуулугу сакталсын десе, анда бул ишке өз салымдарын кошуусу зарыл.
Негизинен, Кыргызстан үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк. Экосистемаларды сактоо, чөлгө айлануу, жердин деградациясы, абанын булгануусу, жайыт жана токойлорду туура пайдалануу багытында эл аралык уюмдар жана коңшу мамлекеттер менен биргелешип иштөө кыйла натыйжалуу болот. Көптөгөн маселелер Астанадагы саммитте каралып, андан соң 2027-жылы Бишкекте өтө турган Глобалдык тоо саммитинде алардын аткарылышына баа берилет деген ойдомун”, — дейт Айткул Бурханов.