Дүйнөлүк саясаттагы өзгөрүүлөр глобалдык деңгээлде олуттуу бурулуштарга алып келди. Көп уюлдуу дүйнөдө мамлекеттер аралык кызматташтыктын принциптери кайра каралып, түп тамырынан бери өзгөрүүдө, жаңы логистикалык чынжырлар курулуп, экономикалык өз ара аракеттенүүнүн натыйжалуу моделдери киргизилүүдө. Ошондой эле негизине бөлүнбөс коопсуздук принциби коюлган стратегиялык туруктуулукту камсыздоого болгон мамилелер да өзгөрүүдө.
Шанхай кызматташтык уюму Евразия континентиндеги дүйнөнүн негизги уюлдарынын бири катары күч топтоп жатат. ШКУда көп тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн уникалдуу түзүмү курулууда, анда кандай гана чечим болбосун консенсустун, өз ара урматтоонун негизинде жана улуттук таламдарды эсепке алуу менен кабыл алынат. Жана, албетте, бул зор өнүгүү мейкиндигиндеги ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнүн башкы шарттарынын бири – коопсуздукка болгон чакырыктарга жана коркунучтарга биргелешип каршы туруу болуп саналат.
Саясат таануучу Эмил Жураев "Кабар" маалымат агенттигине берген комментарийинде ШКУнун тынымсыз өзгөрүп жаткан механизмдери көп деңгээлдүү жана ар тараптуу байланыштарды жолго коюу үчүн комплекстүү платформа түзүп жатканына көңүл бурду.

"ШКУ учурда коопсуздук жана кызматташтык боюнча башкы уюмдардын бири болуп саналат. Мындай геосаясий жактан туруксуз жана коогалаңдуу мезгилде албетте, бул уюм дипломатияны, талаштарды тынчтык жолу менен чечүү ыкмаларын сактап калууда жана жалпысынан тынчтыкты колдоодо өзгөчө мааниге ээ. Ошондуктан уюмдун бардык мүчөлөрү, өзгөчө анын башатында турган Кытай сыяктуу өлкөлөр маанилүү ролду ойношот.
Ал эми бул жылы Кыргызстандын ушул эң маанилүү уюмга төрагалык кылып жатышы, менимче, биздин өлкөгө да өз ролун ойноого, ШКУнун бул потенциалы андан да чоң деңгээлде ишке ашуусуна өз салымын кошууга мүмкүнчүлүк берет. Өзгөчө баса белгилеп кетким келет, өз курамына ондогон ири өлкөлөрдү камтыган ШКУ өзүн эч кимге каршы койбостон, көптөгөн глобалдык милдеттерди чече алат. Бул алдыдагы ондогон жылдарга экономикалык өнүгүү потенциалы бар жаратуучулук мейкиндиги, жана албетте, өнөктөштөр жалпы коопсуздук алкагында туруктуулуктун жогорку деңгээлин кармап туруу үчүн бардык зарыл ресурстарга ээ.
Албетте, уюм дагы деле өнүгүү үстүндө экенин жана учурда көптөгөн процесстер кыймылда экенин эске алуу керек, бирок жалпы жаратуучулук умтулуу бар жана ал өз жыйынтыктарын берүүдө.
Өз ара байланыш түйүндөрүн түзүү боюнча чоң иштер аткарылып жатат. Биз үчүн Евразиянын жаңы транспорттук каркасынын эң маанилүү тиреги болуп, Орто коридордун маанилүү бөлүгүнө айлана турган Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу саналат. Ал олуттуу мүмкүнчүлүктөргө ээ болуп, Батыш менен Чыгыштын ири базарларынын ортосунда чоң өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жаратат. Мына ушундан улам, бул контекстте мүмкүнчүлүктөрдүн горизонттору эки тараптуу негизде да, ШКУ алкагындагы көп тараптуу кызматташтык деңгээлинде да кеңейүүдө", – деп белгилейт Эмил Жураев.
Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылып жаткан үстүбүздөгү жыл "ШКУга 25 жыл: туруктуу тынчтык, өнүгүү жана гүлдөп-өнүгүүгө бирге" деген ураан астында өтүүдө. Учурда бирикмеге 10 мүчө мамлекет, диалог боюнча 14 өнөктөш жана 2 байкоочу өлкө кирет. Географиялык жактан алар Евразиянын чоң бөлүгүн ээлейт. Кызматташтык мейкиндиги Түндүк Муз океанынан Инди океанына чейин (түндүктөн түштүккө), жана Тынч океан жээгинен Жакынкы Чыгышка, анын ичинде Араб жарым аралына чейин (чыгыштан батышка) созулат. ШКУ өлкөлөрүнүн калкы жалпы адамзаттын дээрлик жарымын түзөт.
Кыргыз улуттук университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы Эсен Усубалиев Шанхай кызматташтык уюмунун туруктуулугу жана суроо-талапка ээ болушу – бар болгон көйгөйлөрдү чечүү жана биргелешип өнүгүү үчүн тең укуктуу жана үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн таанууда экенин айтат. Муну менен бирге, эски дүйнөлүк тартип кыйрап жаткан мезгилде өнөктөштөр маанилүү турукташтыруучу ролду ойноп жатышат.

"Акыркы эл аралык-саясий окуялар көрсөткөндөй, өзөктүк куралы бар мамлекеттерди эсепке албаганда, бир дагы өлкө өз алдынча, жалгыз өзүнүн коопсуздугун камсыздай албайт. Эгемендүү мамлекеттер эч кандай себепсиз эле аскерий кол салууга дуушар болушу мүмкүн, муну биз Ирандын мисалында көрүп жатабыз.
Буга байланыштуу ШКУнун чечим кабыл алуу борборлору кайсы негиздерде кызматташат жана бул өз ара аракеттенүүнүн идеялык платформасы эмнеде болушу мүмкүн деген мыйзам ченемдүү суроо туулат. ШКУ өлкөлөрүнүн улуттук кызыкчылыктары ар башка экени айдан ачык, бирок жаңы, кыйла адилеттүү көп уюлдуу дүйнөлүк түзүлүштү куруу боюнча бардык өлкөлөрдүн пикири бир. Ошондуктан өз ара аракеттенүү үчүн бирден-бир мүмкүн болгон жана жашоого жөндөмдүү негиз – бул ШКУнун алдын ала болжолдонгон, туруктуу жана коопсуз мейкиндигин сактап калуу болуп саналат. Анын алкагында уюмга мүчө өлкөлөр үчүн негизги чакырыктар менен коркунучтар системалуу деңгээлде зыянсыздандырылат.
ШКУнун өзгөчөлүгү – бар болгон көйгөйлөрдү чечүүдө тең укуктуу жана үзгүлтүксүз диалогдун маанилүүлүгүн таануу, маселелерди консенсус жана консультациялар аркылуу чечүү болуп саналат. ШКУ келечектеги көп уюлдуу дүйнө үчүн модель катары маанилүү жана бул толугу менен жашоого жөндөмдүү модель деп эсептейм. Бул жараянда Кыргызстан ШКУ аркылуу дүйнөлүк тартипти кайра куруунун ушул масштабдуу процессинин бир бөлүгү болуп саналат.
Менин оюмча, Кыргызстандын аймактык жана континенталдык транспорттук байланыш контекстинде өлкөбүздүн ролун трансформациялоо менен байланышкан негизги артыкчылыктарын, тактап айтканда, ”Кытай - Кыргызстан – Өзбекстан“ темир жолунун долбоорун ишке ашырууну белгилеп кетүү маанилүү. Өлкө президенти Садыр Жапаров бул долбоор биздин өлкөнү континенттин эң маанилүү транзиттик хабына айландырарын буга чейин эле белгилеген. Бул аймактык эл аралык мамилелердин жалпы тутумунда Кыргызстандын маанисинин жогорулашына алып келет, бул өз кезегинде Борбор Азия жана бүтүндөй Евразия үчүн биз ойноону пландап жаткан ролго татыктуу болуу үчүн баарыбызга чоң жоопкерчиликтерди жүктөйт", – деди Эсен Усубалиев.

ШКУнун олуттуу күч-аракети Евразиянын транспорттук, энергетикалык жана соода коридорлорунун масштабдуу тармагын түзүүгө багытталган. Муну менен бир эле учурда бир нече милдеттер чечилүүдө: логистиканы жана инфраструктураны өнүктүрүү, соода жана инвестициялык тоскоолдуктарды азайтуу аркылуу экономикалык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо, ири сатуу базарларынын ортосундагы үзгүлтүксүз логистика. Мунун баары ондогон өлкөлөрдүн ортосундагы каржылык жана маданий байланыштардын тереңдешине өбөлгө түзөт. Башкача айтканда, ШКУнун өз ара аракеттенүү горизонттору иш жүзүндө чексиз.