Климаттык саясат: Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн жаңы багыты

Аналитика 1 октябрь 2026 17:50
WhatsApp Image 2026-10-01 at 12.49.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 12.27.20 (1).jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-10-01 at 12.49.41.jpeg
WhatsApp Image 2026-10-01 at 12.27.20 (1).jpeg
Алдыга
Артка

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын климаттык саясаты экологиялык чаралардын жыйындысы гана болбостон, экономикалык өнүгүүнүн бардык тармактарын камтыган системага айланууда. Эми айыл чарбасы, энергетика, транспорт, өнөр жай жана курулуш баштаган бардык тармактар климаттын өзгөрүшүн эске алуу менен өнүгүүсү керек. Негизги милдет - кабыл алынган стратегиялык документтерди жана мыйзамдарды иш жүзүндөгү долбоорлорго, инвестицияларга жана конкреттүү натыйжаларга айландыруу.

Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерине эң аярлуу өлкөлөрдүн бири. Өлкө аймагынын дээрлик 93 пайызын тоо экосистемалары ээлегендиктен, климаттын өзгөрүшү экологиялык гана эмес, экономикалык жана социалдык туруктуулукка да түздөн-түз таасир этүүдө. Мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышы суу ресурстарына басым жаратып, айыл чарбасында кургакчылык жана экстремалдык климаттык кубулуштардын тобокелдигин күчөтүүдө. Сел, суу ташкыны, жер көчкү сыяктуу табигый кырсыктар калкка, инфраструктурага жана экономикага олуттуу зыян келтирген учурлар көбөйүүдө.

Кыргызстан дүйнөлүк деңгээлде абаны эң аз булгаган өлкөлөрдүн катарына кирет. Дүйнөлүк зыяндуу эмиссиянын 0,1%ына да жетпейт. Бирок, ошого карабастан, биз климаттын өзгөрүшүнөн эң көп жабыркап жатабыз. Ошондуктан Кыргызстан үчүн климаттык саясаттын эки багыты бирдей маанилүү: парник газдарынын эмиссиясын азайтуу жана климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу.

Милдеттенмеден ишке өткөн климаттык саясат

Кыргызстандын климаттык саясатынын эл аралык негизинде БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясы жана Париж келишими турат. Конвенция климаттын өзгөрүшүнө каршы глобалдык аракеттердин негизги алкагын түзөт. Бул үчүн жыл сайын Тараптардын конференциясы - COP өткөрүлүп, мамлекеттер климаттык милдеттенмелерди, аларды ишке ашыруу механизмдерин жана климаттык каржылоо маселелерин талкуулап турушат.

Париж келишими болсо глобалдык климаттык аракеттердин азыркы негизги укуктук алкагы болуп саналат. Анын башкы максаты - глобалдык орточо температуранын өсүшүн өнөр жайга чейинки деңгээлге салыштырмалуу 2°Cден кыйла төмөн кармоо жана аны 1,5°C менен чектөөгө аракет кылуу.

Кыргызстан Париж келишиминин алкагында өзүнүн климаттык максаттарын Жаңыланган Улуттук деңгээлде аныкталган салым - УДАС 3.0 аркылуу белгилеген. Ал биздин өлкөнүн 2035-жылга чейинки климаттык максаттарын аныктайт. Ага ылайык, жакынкы он жылда парник газдарынын абага чыгуусун ички ресурстардын эсебинен 16,32 пайызга, ал эми эл аралык колдоонун шартында 38,56 пайызга кыскартууну көздөйт. Бул максаттар энергетикадан тартып транспортко, айыл чарбасынан өнөр жайга, токой чарбасынан калдыктарды башкарууга чейинки негизги тармактарды камтыйт.

Парник газдарын кантип азайтуу керек?

УДАС 3.0дө климаттын ысышынын себептери менен күрөшүү чаралары белгиленген. Мындай митигациялык чаралардын негизги максаты - экономиканы өнүктүрүү менен бирге парник газдарынын бөлүнүп чыгуусун азайтуу.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экология жана климат башкармалыгынын жетекчиси Айзада Бариеванын айтымында, бул үчүн бардык негизги экономикалык тармактарда системалуу чаралар талап кылынат.

«Энергетика тармагында кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү, электр тармактарын модернизациялоо жана энергияны натыйжалуу пайдалануу боюнча долбоорлор ишке ашырылышы керек. Транспорт тармагында аз эмиссиялуу транспорттун үлүшүн көбөйтүү, электр транспортун өнүктүрүү жана тиешелүү инфраструктураны модернизациялоо маанилүү.

Айыл чарбасында мал чарбачылыгын, жайыттарды башкарууну жакшыртуу боюнча чаралар каралган. Өнөр жайда ишканаларды декарбонизациялоо жана жашыл каржылоону мобилизациялоо аркылуу эмиссияларды азайтууга болот.

Мындан тышкары, айдоо жерлеринде көмүртектин жутулушун сактоо жана көбөйтүү, жайыттарды туруктуу башкаруу, деградацияланган жерлерди калыбына келтирүү зарыл. Калдыктарды башкаруу багытында аймактык борборлордо органикалык калдыктарды бөлүп чогултуу жана кайра иштетүү, полигондорго түшкөн калдыктардын көлөмүн жана зыяндуу заттардын бөлүнүп чыгышын азайтуу максаттары коюлган», - деди Айзада Бариева.

Климатка ыңгайлашуу - дагы бир негизги багыт

Кыргызстан үчүн климаттык саясаттын экинчи маанилүү багыты - адаптация, башкача айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн болуп жаткан жана күтүлүп жаткан кесепеттерине ыңгайлашуу болуп саналат. Адаптация суу коопсуздугун чыңдоого, шаарлардын жана инфраструктуранын климаттык туруктуулугун жогорулатууга, климатка туруктуу айыл чарбасын өнүктүрүүгө, токойлорду жана биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталат.

Мындан тышкары, калктын ден соолугун коргоо, табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу системаларын күчөтүү, климаттык каржылоого жеткиликтүүлүктү кеңейтүү, билим берүү жана илимий потенциалды өнүктүрүү да маанилүү багыттардан болуп саналат. Климаттык саясатта гендердик сезимталдык жана социалдык жактан аярлуу топтордун кызыкчылыктарын эске алуу да каралат.

Бул багыттагы конкреттүү чаралар Улуттук адаптациялык планда аныкталат. Өзгөчө климаттык тобокелдиктерге дуушар болгон бийик тоолуу аймактардагы малчылар, суу тартыштыгынан жабыркаган айылдардын тургундары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, аялдар жана балдар сыяктуу калктын аярлуу катмарларына көңүл бурулат.

Климаттык саясаттын жаңы укуктук негизи

Климаттык саясатты ишке ашырууда институционалдык жана укуктук механизмдер өзгөчө мааниге ээ. Бул багытта 2026-жылы маанилүү кадам жасалды. 2026-жылдын 7-июлунда президент Садыр Жапаров “Климаттык иш жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ 2027-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Жаңы мыйзам климаттык ишмердикти комплекстүү жөнгө салууга, климаттык башкаруунун институционалдык негиздерин бекемдөөгө, парник газдарынын инвентаризациясын, мониторингди, отчеттуулукту жана верификацияны өнүктүрүүгө, климаттык каржылоону жана адаптациялык чараларды системалаштырууга укуктук негиз түзөт.

Мындан тышкары, Кыргызстанда көмүртектин нейтралдуулугуна жетүү концепциясы жана аны ишке ашыруунун биринчи этабы боюнча иш-аракеттер планы, Экологиялык коопсуздук концепциясы, Климаттык инвестициялык программа жана өлкөнү 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасы сыяктуу стратегиялык документтер кабыл алынган.

Климаттык саясатты ишке ашырууга экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча координациялык механизмдер, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, климаттык фонддор, Климаттык каржылоо борбору, ошондой эле башка мамлекеттик органдар жана эл аралык өнөктөштөр катышат.

Канча каражат зарыл?

Климаттык максаттарга жетүү үчүн ири көлөмдөгү инвестиция талап кылынат. УДАС 3.0 боюнча 2035-жылга чейинки климаттык чараларды ишке ашыруунун болжолдуу кошумча каржылык муктаждыгы 12–15 млрд АКШ долларынын чегинде бааланат. Бул каражат энергетика, транспорт, айыл чарба, жер пайдалануу, токой чарбасы, өнөр жай жана калдыктарды башкаруу сыяктуу тармактардагы чараларга, ошондой эле климатка ыңгайлашууга багытталат.

Климаттык каржылоонун негизги булактары катары мамлекеттик бюджет, эл аралык каржы институттары, климаттык фонддор, эки тараптуу өнөктөштүк жана жеке инвестициялар каралат. Бул жерде негизги маселе - каражатты жөн гана тартуу эмес, климаттык долбоорлорду сапаттуу даярдоо, алардын экономикалык жана социалдык натыйжалуулугун көрсөтүү жана эл аралык климаттык каржы механизмдерине жеткиликтүүлүктү кеңейтүү. Жалпысынан 2050-жылга карата көмүртек нейтралдуулугуна жетүүгө багытталган, климаттык тобокелдиктерге туруктуу жана ресурстарды натыйжалуу пайдаланган экономиканы калыптандыруу максаты коюлуп, тийиштүү иштер журуп жатат.

Эске салсак, учурда Кыргызстан 2027-жылы өтө турган “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдык көрүүдө. Бул ири саамалык Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен БУУ тарабынан жарыяланган “Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүүнүн 5 жылдыгын” жыйынтыктап, алдыга кадамдарды белгилейт.