Раззаков коопсуз шаарлардын катарына кирди

Аймак 01 Апрель 2025 11:51
486729517_9663808403667580_8627165568958906980_n.jpg
486825241_9663808543667566_4028011942706025598_n.jpg
486836752_9663808230334264_7188654046790458088_n.jpg
487042300_9663808387000915_424868894026803526_n.jpg
487084042_9663808803667540_9167359473901206147_n.jpg
487135180_9663808677000886_5829333107506681457_n.jpg
487162075_9663809010334186_1441961648428525673_n.jpg
487213502_9663808637000890_4004516912347585696_n.jpg
487511776_9663808500334237_2237170852054751398_n.jpg
487565602_9663808840334203_6581968728613552855_n.jpg
487937784_9663808260334261_1786370366612399939_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Баткен облустук ички иштер башкармалыгы

Бишкек, 01.04.25. /Кабар/. Жалпы коопсуздук жана коомдук тартипти камсыз кылуу максатында Раззаков шаары "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында заманбап видеобайкоо камералары менен камсыздалды.Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Кожобек Козубаевдин сунушу менен шаардык кеңештин депутаттары бир добуштан бул демилгенин ишке ашырылышын колдошуп, акча каражатын бөлүп беришкен.

Бул каражатка шаардык мэрия 36 видеобайкоо камераларын сатып алып, Раззаков шаарынын борбордук аянттарына, көчө кесилиштерине жана коомдук жайларына орнотту.

Камералардын иштөө тартиби боюнча атайын мониторинг жүргүзүлдү, алар 24 саат бою онлайн режимде иштейт.

Мындан тышкары, 3 видео камера демөөрчүлөрдүн жардамы менен сатып алынган жана ал базар аймагына орнотулду. Бул иш-чаранын негизги максаты коомдук коопсуздукту жогорулатуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу болуп саналат.

Бүгүн Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Канымет Осмонбеков жана Раззаков шаарынын мэри Адилбек Жоробаев жеринде иштин жүрүшү менен таанышып, видео байкоо камераларынын иштөө тартибин текшеришти.

Алар жергиликтүү бийлик жана милиция кызматкерлери менен биргеликте коомдук тартипти камсыз кылуу үчүн күч-аракеттерин жумшап, коопсуздукту камсыз кылууну уланта тургандыктарын белгилешти.