Раззаков айылындагы жаңы конуш электр энергиясы менен толук камсыздалды

Аймак Загрузка... 09 Сентябрь 2025 14:20
img-94401-98683.png
copyright icon www

Бишкек, 09.09.25. /Кабар/. Баткен облусунун, Раззаков айылындагы жаңы конушту электр энергиясы менен камсыз кылуу иштери 98%га аткарылды.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, Баткен электр тармактар ишканасынын Сүлүктү РЭТ тарабынан 88 даана темир-бетон электр мамылары орнотулду. Ошондой эле 350 метр 10 кВ аба чубалгылары тартылып, 2200 метр узундуктагы 0.4 кВ СИП-2 тибиндеги аба чубалгылары тартылган. Аны менен катар 10/0,4 кВ - 250 кВА кубаттуулуктагы көмөкчү чордон орнотулган. Мындан сырткары, жаңы конуштагы 60 турак үйгө электр эсептегичтер орнотулду.

Белгиленгендей, калган иштерди октябрь айына чейин толук аткарып бүткөрүү пландалууда.