Рамиль Гасан ТүркПАнын башкы катчысы болуп дайындалды

Саясат Загрузка... 28 Октябрь 2025 14:55
6.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 28.10.25. /Кабар/. Рамиль Гасан Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жаңы дайындалган катчы бүгүн Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ТүркПАнын алкагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле мүчө мамлекеттердин ортосундагы парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Рамиль Гасанды жаңы кызмат орду менен куттуктап, Кыргызстан түрк кызматташтыгынын институттарын өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин, ал эми ТүркПА парламенттик дипломатиянын негизги аянтчасы катары маанилүү орун ээлерин белгиледи.