Бишкек, 01.03.25. /Кабар/. Кыргызстанда бүгүн, 1-мартта Рамазан айы башталды.
Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттиги Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы тарабынан сунушталган таңкы жана кечки намаздардын башталышынын маалыматтарынын негизинде 2025-жылга карата 30 күндүк орозо календарын даярдады.
Мында Бишкек, Ош шаарлары жана облустар үчүн ооз ачуу жана ооз бекитүү убактысы көрсөтүлгөн.
Орозо исламдагы беш түркүктүн бири болуп эсептелет. Рамазан айы мусулмандар үчүн куттуу жана берекелүү ай, бардык мусулмандар бул айда орозо кармашат. “Орозо” деген сөздүн лексикалык мааниси “кандайдыр бир нерседен кармануу, бир нерседен тыйылуу, сактануу” деген маанилерди билдирет.
Рамазан айында орозону тутуу бойго жеткен, акыл-эси толук, бир жерде отурукташкан ар бир мусулман адамга парз болот. Жаш балдар, оорулуулар, мусапырлар орозо кармашпайт. Бирок мусапыр адамдардын орозо кармаганы абзел. Орозо кармоо менен мусулман адам көздөрүн арам нерселерди кароодон, кулактарын арам болгон нерселерди угуудан, тилди жалган сүйлөөдөн, курсагына арам тамакты киргизүүдөн, колдору менен жаман ишти жасоодон жана буттары менен арам жерлерге баруудан сактанат.






