Кыргызстан менен Казакстан стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да бекемдейт

Жогорку Кеңеш 3520 20 Июль 2026 12:30
749355724_1349308620715690_4990670589086825769_n.jpg
751096935_1349308644049021_5710836938739941977_n.jpg
749343357_1349308654049020_967441372740670443_n.jpg
749355068_1349308727382346_1265386900867288813_n.jpg
750942718_1349308694049016_7534145269827632826_n.jpg
751563607_1349308767382342_8916750310505307704_n.jpg
751720290_1349308627382356_1811946774671186190_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Жогорку Кеңеш

Бишкек, 20.07.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Казакстандын элчиси Рапил Жошыбаевди Кыргызстандагы дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө төрага Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясын аяктап жаткан элчинин ишмердүүлүгүнө жогору баасын берип, эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыктын учурдагы абалы боюнча да ой бөлүшүп, төрага Марлен Маматалиев кыргыз парламенти Казакстандын парламентинин жаңы чакырылышы менен да кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аймактык кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Өз кезегинде элчи Рапил Жошыбаев Кыргызстанда иш алып барган мезгилде көрсөтүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мындан ары да бекемделе берерине ишенерин билдирди.

Жолугушуунун соңунда Марлен Маматалиев элчинин мындан аркы мамлекеттик жана дипломатиялык ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.