Бишкек, 17.11.26. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Жогорку Кеңештин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордуна Алмазбек Молдобаевдин талапкерлиги каралды.
Парламенттен билдиришкендей, талапкер тууралуу кыскача маалыматты жана президенттин сунуштамасын президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн орун басары Нурлан Бообеков тааныштырды.
Жыйынтыгында Конституциялык соттун судьясынын кызмат ордуна Алмазбек Молдобаевдин талапкерлиги жактырылып, корутунду долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.
Комитет ошондой эле Кенешбек Токтомамбетовду Жогорку соттун судьясынын кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселени дагы колдоду.