Касымалиев парламентте үч бюджеттик документ боюнча баяндама жасоодо

Жогорку Кеңеш
Касымалиев парламентте үч бюджеттик документ боюнча баяндама жасоодо

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.11.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында 2025-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы, 2026-жылга республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 2027-жылга, ошондой эле 2028-2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлору кошулган үч документ боюнча баяндама жасоодо.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, аталган документтер Конституциянын 80-беренесинин 1-бөлүгүнүн 7- жана 8-пункттарына жана 91-беренесине ылайык Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген. Ал үч документ боюнча бирдиктүү баяндама жасоого мүмкүнчүлүк түзүлгөнү үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы Жогорку Кеңеш менен министрлер кабинетинин тыгыз кызматташтыгын белгиледи.

“Сегизинчи чакырылыштын иши башталгандан бери демилгеленген 178 мыйзам долбоорунун 136сы Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылды. Алардын 126сына президентибиз кол койду. Мындан тышкары, эл аралык макулдашууларды ратификациялоо боюнча 50 мыйзам долбоору кабыл алынды”, — деди ал.

Ошондой эле Касымалиев мамлекеттик маанидеги демилгелерди колдоп, алардын мыйзамдык негизин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн депутаттарга ыраазычылык билдирди.

Эсептөө палатасынын сунуштары эске алынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү кошумчаланды.