Бишкекте уруксатсыз пайдаланылып жаткан объекттер аныкталды

Коом 27 июль 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.53.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.48.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.58.jpeg
WhatsApp Image 2026-07-27 at 17.00.53.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш министрлиги

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарынын Бөкөнбаев көчөсү, 164 дарегинде жайгашкан бир катар объектилер тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз пайдаланылып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирет.

Текшерүүнүн натыйжасында К.Ч.А. аттуу жаранга карата акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча милдеттүү көрсөтмөлөр берилди.

Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш тармагындагы бардык субъекттерди мыйзам талаптарын, курулуш ченемдерин, техникалык регламенттерди жана коопсуздук талаптарын так сактоого чакырат.