КМШ эл аралык сынагында Кыргызстандын басылмалары баш байгени багындырды

Коом 27 июль 2026 17:35
758395870_1548585986763995_7051692439568152762_n.jpg
757027271_1397167502315812_3321405416573330143_n.jpg
Алдыга
Артка
758395870_1548585986763995_7051692439568152762_n.jpg
757027271_1397167502315812_3321405416573330143_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 27.07.26. /Кабар/. 23–24-июль күндөрү Беларусь Республикасынын Минск шаарында өткөн КМШнын XXIII Эл аралык "Искусство книги" сынагында Кыргыз Республикасы тарыхый ийгилик жаратып, жалпысынан 9 абройлуу сыйлыкка ээ болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, аталган абройлуу эл аралык сынакка Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана КМШнын Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

Сынактын жыйынтыгында Кыргызстандын басылмалары төмөнкүдөй сыйлыктарга татыды:

  • Гран-при – 1;
  • Атайын сыйлык – 1;
  • I орун – 1;
  • II орун – 3;
  • III орун – 3.

Белгилей кетсек, XXIII Эл аралык "Искусство книги" сынагынын жеңүүчүлөрүнө дипломдорду жана сыйлыктарды расмий тапшыруу аземи Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан белгиленген тартипте өткөрүлөт.