Кытай суутек менен иштеген алгачкы кемени сууга коё берди

Дүйнө Загрузка... 18 Июль 2026 13:58
IMG_9697.png

Бишкек, 18.07.2026. /Кабар/. Гуандун провинциясынын Чжаоцин шаарында жүк көтөрүмдүүлүгү 2000 тонна болгон Кытайдагы алгачкы суутек менен жүрүүчү кеме сууга түшүрүлдү. Бул окуя Кытайдын суутек энергиясын колдонгон ири дарыя кемелерин өз алдынча иштеп чыгуу жана куруу тармагындагы маанилүү жетишкендиги катары бааланууда.

АЗЕРТАДЖ агенттиги билдиргендей, Yun Tao No 1 кемеси Guangdong Yuntao Hydrogen Energy Technology компаниясы менен Кытайдын мамлекеттик кеме куруу корпорациясынын биргелешкен эмгегинин натыйжасында долбоорлонуп, курулган. Кеменин узундугу 70 метр, туурасы 14 метр болсо, бир жолу күйүүчү май куюу менен 760 чакырымга чейин сүзө алат.

Кеме бир каттамда болжол менен 140 контейнерди же ага тең көлөмдөгү темир рудасы, көмүр, дан азыктары сыяктуу оор жүктөрдү ташууга жөндөмдүү. Бул тууралуу China Daily басылмасы жазды.

YunTao Hydrogen Tech компаниясынын вице-президенти жана кеме ташуу бөлүмүнүн жетекчиси Цуй Цайюйдун айтымында, кеме толугу менен Кытайда иштелип чыккан деңиздик суутек отун элементтери системасы менен жабдылган. Анда ар бири 260 киловатт кубаттуулуктагы үч суутек отун элементинен турган генератордук түзүлүш орнотулуп, алар литий-иондук батареялар менен айкалыштырылган. Бул система кеменин жүрүү аралыгын кыйла узартат.

Ошондой эле кемеде энергияны акылдуу башкаруу системасы жана суутектин агып кетишин алдын алган көп баскычтуу коопсуздук механизмдери каралган. Натыйжада кеме толук эксплуатация учурунда көмүр кычкыл газын, зыяндуу булгоочу заттарды жана добуштарды дээрлик чыгарбайт.