Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу каттамдар ачылат

Бизнес Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 22:08
IMG_4757.jpeg
IMG_1007.jpeg
IMG_0961.jpeg
IMG_1035.jpeg
IMG_1074.jpeg
IMG_0962.jpeg
IMG_0967.jpeg
IMG_0983.jpeg
IMG_1132.jpeg
IMG_1121.jpeg
Алдыга
Артка
IMG_4757.jpeg
IMG_1007.jpeg
IMG_0961.jpeg
IMG_1035.jpeg
IMG_1074.jpeg
IMG_0962.jpeg
IMG_0967.jpeg
IMG_0983.jpeg
IMG_1132.jpeg
IMG_1121.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon «Кыргызстан аэропорттору» ААКнын пресс-кызматы

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Кыргызстан аэропорттору" ААК эл аралык каттамдар тармагынын кеңейип жатканын маалымдайт. Кытай Эл Республикасынын улуттук авиакомпаниясы Air China Пекин – Бишкек – Пекин багыты боюнча туруктуу авиакаттамдарды ачат.

Каттамдар заманбап Airbus A321 үлгүсүндөгү учактар менен жумасына үч жолу: дүйшөмбү, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.

Air China авиакомпаниясынын Кыргызстандын рыногуна кириши өлкөнүн жарандык авиациясы үчүн маанилүү окуя болуп саналат. Азиядагы эң ири авиакомпаниялардын биринин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн башташы өлкөбүздүн дүйнөлүк алдыңкы авиаташуучулар үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатканын тастыктап, эки өлкөнүн ортосундагы аба каттамдарын мындан ары өнүктүрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Бул "Кыргызстан аэропорттору" ААК тарабынан эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын транспорттук байланыштарын чыңдоо багытында жүргүзүлүп жаткан ырааттуу иштердин жыйынтыгы болуп саналат.