Радио кызматкерлеринин күнү: Доордун добушу – Юрий Левитан

Коом Загрузка... 07 Май 2025 18:18
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon WWW

Юрий Борисович Левитан – ардактуу кесип менен эч ким жетише албаган бийиктикти багындырган легендарлууу инсан. Анын добушу канчаларынын көөнүндө калды экен!? Өлкөдө эмне деген маанилүү жаңылыктар орун алууда. Советтик өлкө кандай кадамдарга барат деп кулак төшөшкөн миллиондон ашуун атуулдар Левитан окуган жаңылыкты акыя күтүшкөн. Ал, Улуу Ата Мекендик согуштагы кабарларды радио аркылуу ар күнү окуп, ал эми аны уккан журт дем-күчкө толуп, алдыга умтулган. Зор үмүттүн, Жеңиштин добушу!

Эч кимдикине окшобогон кайталангыс тембр – Юрий Левитанга мүнөздүү. Юрий Борисович Левитан 1914-жылдын 19-сентябрында Белгород облусуна караштуу Бессоновка кыштагында жарыкка келген. Атасы Борис Семёнович Левитан кийим тигүүчү болуп иштесе, энеси Мария үй кызматкери эле. Бала чагында Юранын кулакты жарып өтө бийик күрулдөп чыккан үнүнө айран-таң калышкан курбу-курдаштары “Күрүлдөк” же “Керней” деп аташкан. Тели-теңтуштары, коңшу-колоңдору туурасы 130 метрден ашкан дайранын берки өйүзүнөн аркы өйүзгө балдарын же кыздарын чакырып берчи деп Юрага кайрылыша турган. Ал эми мектепте Юра өтө начар окучу. Ошонүчүн ал өзүнүн бийик үнүнө ишенип, актёрдук студияга тапшырууну кыялдана баштайт. Оюнда театрда жана кинодо актер болсом деген өспүрүм куракта ар күнү кеп маданияты, риторика, декламациялар менен керелден кечке машыга баштайт. Жергиликтүү шаардык комитеттен Москвадагы кинотехникмуга тапшыруу үчүн жолдомо сурайт. 17 жашка караганда туулган жеринен жакын тааныштары менен бирге кинотехникумдун каалгасын кагып киришет. Кинотехникумдун кызматкерлери экөөн тең кабыл алышпай коёт. Шагы сынган немелер артка кайтып баруу уят деп Москванын көчөлөрүн аралап жүрүшүп, Радиокомитетке диктордук кесипке тандоо жүрүп жатат деген кулактандырууну окуп калышат. Радиокомитеттегилерге да Левитандын дикциясында кемтиктер бар деп купулдарына толбой калат. Бүткүл Союздук Радиодогу адистерден тышкары кабыл алуу комиссиясында олтургандардын арасында театр актёрлору да олтурушкан эле. Көркөм театрдын алдында турган Левитандан артистизмди жана ички күч-кубатты, кулакты жарып, көөдөнүнөн төгүлгөн добушуна маани берип, тандап алууну суранышат. Ошентип алгач стажёр катары кабыл алышат. Эки ай аралыгында ар күнү алты сааттан машыгып атып, сүйлөө речиндеги өксүктөрүн, дикциясын калыпка салат. Ал эми демди туура алуу үчүн ал өз алдынча жолун ойлоп таап, эки колу менен жер таянып, башын ылдый каратып алып бутун асманга сунуп тексттерди окуйт. Бир жылдан кийин Радиокомитеттегилердин ичинен ат салдырбай озуп чыгат. Радиодогу талапка ылайык, эч ким бир нече айда мындай жетишкендиктерге ээ боло албайт. Диктордук кесиптин бийик чегине жетүү үчүн бир нече жылдар талап кылынаары белгилүү. Гезиттеги маанилүү кабарлар менен кечки кабарларды даярдашып, кай бирде обого алып чыга баштайт. Бул чыгарылышты Сталин өзү уккандыктан бир эле ката кетирсе, иштен айдалаары белгилүү эле. Бир нече айлап тынымсыз машыгуусу ага жемишин берди.

1934-жылдын январь айынын бир түнү. Так ошол учурда Иосиф Сталин радиону тыңшап олтуруп диктордун үнүнө зор кызыгуусу артты. Жашы улуу эле адам го деп ойлогон Сталин сураштырып көрсө, 19 жаштагы диктор Юрий Левитан болуп чыгат. Мындан ары “Кабарларды” ар дайым Юрий Левитан гана окусун деген буйрук берилди. Ошентип анын жылдызы жанды. Бүткүл Союз боюнча Левитандын үнү ар күнү ободо!

Көлөмдүү тексттер, маанилүү буйруктар, Ар кыл жаңылыктар. Советтер Союзунун эң башкы диктору деген өлкө жол башчысынын расмий эмес түрдөгү ардактуу наамы. Эми мындан ары дагы ар күнү машыгуулар. Отузунчу жылдардагы Сергей Кировдун өлүмү, Фин согушу тууралуу, Польшага кол салып кирген фашисттик бийликтин аракеттери. Айтор, түрдүү кабарлар. Улуу Ата Мекендик согуштун башталышы...

Бүткүл өлкө аны үнү аркылуу тааныганы менен өңүнөн эч ким билчү эмес. Советтик өлкөнүн бардык жарандарын эрдикке шыктандырып атат жеп жаалы кайнаган Адольф Гитлер: “Менин номур биринчи душманым дал ушул Левитан! – деди. Ал эми Үгүт министри Йозеф Геббельс кимде ким ушул адамды тирүүлөй бул жакка алып келе алса, 250 000 марка алат деп жарыялады. Советтик бийлик жетекчилерине, НКВДнын чалгын иштерине Левитандын өмүрү үчүн ушундай кооптуу жагдай жаралууда деген маалыматтар жетти. Аны камкордукка алууга аракеттер көрүлдү. Атайын кайтарууга алынды. Левитан Москвада Радикомитетте тынымсыз иштеп аткан. Радиокомитетти күм-жам кылууну эңсеген фашисттик учкучтар бомба таштап, бирок Левитан аман калат. Согуш маалындагы репрессияга айдала турган 40 адамдын ичинде улуту еврей Левитандын ысымы кездешкенде да, Сталин бул биз үчүн абдан керек деп тизмеден чийип жанын сактап калды. Советтик маалыматтарды дүйнөгө таратуу үчүн Левитан үй-бүлөсүнө да Москвада эле деп айтылып, Свердловскиге радиостанцияны көчүрүштү. Жашырын жерге жайгашкан радиостанцияда Левитан үмүткө шыктандырып, согуштагы маанилүү жаңылыктарды окуй берди. Майдан талаасындагы аракеттер. Советтик Армиянын баскычныларга каршы күжүрмөндүктөрү. Ленинград блокадасын жарып өтүп, фашисттерге сокку уруу. Согуштун оор кайгысына ууккан советтик жарандар Кызыл Армиянын эрдиктерин Юрий Левитандын үнү аркылуу билип, кубанычка балкыды. Сталинграддагы салгылашта жеңишке жетүү...

Өз өмүрүндө Левитан кабарларды окуп атып 2 жолу толкунданганынан көзүнө жаш алып ыйлаган. Анын бири Советтик Армиянын Берлинди алгандагы 1945-жылдын 2-май күнү болсо, экинчиси Гагарин космоско учкан 1961-жылдын 12-апрели. Жеңишке салым кошом деп уйкудан калган, өз өмүрү коркунучка кептелсе да майтарылбас эрк менен өз кесибинин чыныгы чебери Юрий Левитандын жеке тагдыры да анчейин кубантарлык болбоду. 11 бир жыл бирге жашаган жубайы Раиса ортодо кызы Натальяны таштап, башка күйөөгө тийип кетти. Ошондон кийин ал кызын карап, жакын тууганы менен чогуу жашады. 1965-жылы турмушунда дагы бир кейиштүү кабар. Леонид Ильич Брежнев эми мындай тынчтык заманда бизге Левитанга окшогон диктордун эфирге чыгуусунун деле зарылчыгы жок деди. Мурдагы эмгек барк алынбады. Жалгыз гана радиодо ага “Ардагерлер сүйлөйт жана жазышат” аттуу уктурууну алып барууга уруксат этилди. Бардык жагынан сокку алган даңазалуу диктор каржы жактан кыйынчылыкка туш болду. Үйүндө анын кубанычка бөлөгөн жалгыз гана небереси эле. Кай бирде аргасыз фильмдерге үн коштоо үчүн катышууга туура келди. “Москва сүйлөйт!” – деген сөз менен башталып бүткүл советтик өлкөнүн сүйүүсүнө айланган, согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн бир нече орден жана медалдардын ээси, СССРдин Эл артисти деген ардактуу наамга алгачкылардан болуп жеткен Юрий Левитандын көңүлү ооруп, өзүн алаксытууга аракет жасады. Ардагерлер аны урматташа турган.

1983-жылдын 3-август күнү өзү туулуп өскөн Белгород облусуна караштуу Бессоновкага жөнөйт. Эртеси 4-августта Курскиде эрдик көрсөткөн ардагерлер менен жолугушууда туруп 68 жаш курагында жүрөк дарты кармап эс-учтан танып жыгылды да, тез жардам унаасы менен райондук ооруканага жеткирилди. Ооруканада аны сактоого мүмкүн болбоду.

Улуу Жеңиш – көз жаштар кубанычтан төгүлгөн күн!

Ата Мекенди коргойбуз деп эчендеген жандар мерт кетип, кыйроого учурап, советтик өлкөлөр кан жуткан күндөр, айлар, жылдар. Эр жүрөк уулдар. Тылдагы энелер. Балдар. Кары-картаңдар. Анан да табият берген үнү менен ар күнү чарчап-чаалыкпай эмгектенген Левитан! Ушул Жеңишке анын да кошкон салымы опол тоодой.