Радио кызматкерлеринин кесиптик күнү. Обо

Коом Загрузка... 07 Май 2025 12:32
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Азыр биз адамзатты эч нерсе менен таң калтыра албай калдык. Бул, жакшыбы же жаманбы? Саат санап, секунд санап улам бир жаңылыктарга кез келип аткан ааламдашуу саясатында адам уулу болуп көрбөгөндөй прогресске кадам таштап, улам бир ачылыштарга күбө болуп атабыз. Бир мезгилде алгач карагай башына илинип, кийин ар бир үйдүн дубал боорунан орун алган радиого кулак төшөгөн, анан телевизор пайда болуп ага тирмийип тигилген журт бүгүнкү күнү үйүндө да, жумушунда да, эл жык толгон коомдук жайларда да, алтургай көчөдө басып баратып да алаканына салган чөнтөк телефонго үңүлүп, жаманын да – жакшысын да ошондон алып, ошого канагат кылган заманга туш келдик.

Очойгон китептерди барактап ойго баткан адамды көрө албайсың. Бардыгын интернеттен алат. Бир убакта миллиондогон адамдар мамлекеттик мекемелердин бийик жерлерине илинген радиодон жаңырган үнгө кулак төшөп, дагы кандай жаңылыктарды угабыз деп күтүшчү. Радио – бүткүл адамзатка руханий дөөлөттөрдү сунуп, элди агартып-көгөртүп, коомдо болуп көрбөгөндөй маанилүү ролду аткарды.

7-Май...

Радио кызматкерлеринин кесиптик майрамын улай, бүгүн кыргыз жергесине жаңыдан келген мезгилдерине учкай көз чаптырсак.

Радиодо эң алгач диктордун үнү маанилүү. Бул ардактуу кесип бардыгына эле энчилене бербейт. Ал үчүн көркөм адабиятка шыктануу менен катар табиятынан берилген кубулжуган үн, дикция, тембринин уккулуктуулугу, угарманын тарта билген жөндөм талап кылынат. Социалисттик түзүлүштү курабыз, коммунисттик идеологияны калктын калың массасына терең жеткиребиз деген советтик бийлик радионун ат көтөргүс роль аткараарын жакшы түшүнгөн. Мына ошон үчүн радиотүйүндөрүн эл көп чогулган жерлерге орнотуп, бир топ акча каражаттарын жумшаган. Советтик өкмөт орногон кезден тарта радиоинженер, үн режиссёр, редактор, кабарчы, диктор деген ардактуу кесиптер пайда болду.

Күнү кечке өлкөнүн ар кыл бурчунан чогултулган маанилүү кабарлары, партиянын алдыга койгон милдеттери, өлкө башчысынын жумурай журтка кайрылуулары, көңүл черин жазган кайрыктар, адабий уктуруулар, съезд, пленумдар, карапайым эмгекчилерден тартып интеллигенциянын иш-аракеттери радио аркылуу обого чыгып, коом болуп көрбөгөндөй алдыга шаңдуу кадам таштады.

Адамзаттын бул ойлоп тапкан куралы обо аркылуу жетип, эми жер-жерлерде ачуу иштери пландалды. Кыргыз жергесине радиону жайылтуу демилгеси козголуп, бирок ал беш-алты жылдык убакытты талап кылган. Оболу 1927-жылы 27-февралда күндүзгү саат 12де саясий агартуу мекемесинде, жумушчулардын борбордук клубунун имаратында алгачкы жолу сындан өткөрүлөт. Бирок, радионун ишмердүүлүгүн жандандыруу, жалпы жумурай журтка кеңири жеткирүү иштери техникалык себептерден улам создугуп жатты.

1930-жылы Фрунзе шаарында радиотүйүндөрдү орнотуу иштери башталып, 1931-жылы 20-январда РСФСР Элдик комиссариаты “Кыргыз радиосун” алгач ирет обого жаңыртты. Мына дал ушул күнү алгачкы ирет Фрунзе шаарын 25 чакырым чулгаган аралыкта жайгашкан 300дөй радиотүйүн аркылуу элге кызмат өтөй баштайт. Чарбалык жана уюштуруу иштеринин айынан май айында ачуу белгиленсе да, радио кыргыз жергесинде жети ай кечигип, 19-декабрда салнататтуу түрдө ачылды. 20-декабрь күнү “Кыргыз радиоуктуруу комитетинин” туңгуч жетекчиси болуп кыргыз адабиятына опол тоодой эмгек сиңирген, орустун улуу классиктери Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” эпопеясынан тартып Максим Горькийдин, Владимир Маяковскийдин чыгармаларын кыргызчага которгон белгилүү котормочу Сүйүнтбек Бектурсунов дайындалды. Андан кийин радио өзүнүн ишмердүүлүгүн көптөгөн кыйынчылыктарга карабай үзгүлтүксүз улантып, имараттын жетишсиздигине, кесипкөй адистердин тартыштыгына карабастан ага жетекчилик кызматтарды Элюстратов, Молдогазы Токобаев, Тургунбек Суванбердиевдер аркалашты.

Ошол Кыргыз радиосу обого чыга баштаган күндөрдө маданияттын көрүнүктүү ишмерлери композитор Пётр Шубин музыка боюнча тейлеп, кийин ага айтылуу Жумамүдүн Шералиев аралашты. Калкка таанымал кара жаак акын Калык Акиев күнү бою коомдогу орун алган көрүнүштөрдү ыр менен, керек кезде кара сөз менен баяндаса, көрүнүктүү актриса Алиман Жангорозова диктор болуп эмгектенди.

WhatsApp Image 2025-05-07 at 12.29.12.jpeg

Ошентип мезгилдин улам алдыга адымдашы менен бир бөлмөлүү имаратын кеңейтишип, техникалык тейлөө сапаттарын жакшыртуу менен катар 1940-жылга чейин телчигип олтуруп, өлкөнүн ар кыл облус борборлоруна орнотулган радиолордон музыка жаңырып, эл Москвадан сүйлөгөн Юрий Левитандын үнү аркылуу акыркы маалыматтардан кабардар боло баштады. Кыргызстандын булуң-бурчтарына радиотүйүндөрдү көбөйтүү иштери кызыды.

WhatsApp Image 2025-05-07 at 12.29.24.jpeg

Улуу Ата Мекендик согуштун башталашы, Кызыл Армиянын согуштагы эрдиктерин угабыз деген эл – элейип радиодогу жаңылыктарды күтүштү. Чолпонбай Түлөбердиев, генерал Иван Панфилов, Москва алдындагы салгылаш, Дүйшөнкул Шопоков, Ашырбай Коёнкөзов өңдүү баатырлардын жасаган эрдиктерин уккан элдин демине дем кошулду. Жеңишке үмүт артып, “Бардыгы Фронтко!” деген ураан алдында жоокерлерге ооруктагы аялдар, апалар, улгайган адамдар, балдар көмөк көрсөтөбүз деп дан-эгиндерин, эт, кийим-кече, белек-бечкектерин чогултушчу.

Фашисттик бийликтин кыйрашына, баскынчыларды советтик өлкөдөн кубалап чыгып Жеңишке жетүүгө Кызыл Армиянын эрдиги менен кошо радио – сөз менен айтып болгус милдет өтөдү.

Андан кийин алыскы Москвадан жаңырган үнгө кошо Ала-Тоо койнунда ишмердүүлүгүн так өтөгөн Кыргыз радиосу бир топ уктурууларды ачты. Коммунисттик Партиянын алдыга койгон милдеттенмелери менен бирге өндүрүштү, айыл-чарбасын, экономиканы чагылдырган берүүлөр, көңүл ачуучу жана адабий уктуруулар күн сайын журт назарына коюлду.

Согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү жылдарындагы оор учурлардан соң 1950-жылдардын аяк ченинде радиокомитетте өзгөрүүлөр орун алды. Штаттык кызмат орундары көбөйүп, техникалык базасы жаңыланды. Эми бүтүндөй кыргыз жергесинде карагайлардын башына жана айылдык клуб, колхоз контораларында радиолор орнотулуп, эл агарып-көгөрдү.

Радионун өнүгүп-өсүшү үчүн жан аябай иштеген адамдар арбын. Алардын айрым бирлерин гана атап айта турган болсок, Кадырбек Камбаров өңдүү мыкты инсан кыргыз радиосу өнүксө экен деп улам жаңыдан пайда болгон техникаларды ташып, имарат маселесин кеңейтүүгө салым кошкон.

1960-1980-жылдар аралыгында бүтүндөй СССР боюнча экономика, айыл-чарба, өндүрүш гүлдөп өсүп, Кыргызстанда да адам кубантарлык жаңылыктар жыш болду. Кыргыз маданиятынын алтын доору өкүм сүрдү. Ошол алтымышынчы жылдарда кыргыз адабияты ааламга Чыңгыз Айтматовдун ысымы менен кошо угулуп, театрда, кинематографияда, сүрөттө, операда, балетте, музыкада күн санап улам бир жаңылык орун алып атты.

Кыргыз радиосунда Капар Алиев баш болуп Гүлниса Мамбетова, Аблезим Ниязов, Гүлчай Ноорузбаева, Валентина Гонтерь, Зарыл Мамбеталиева, Роза Рыскелдинова, Зинаида Грибкова, Лариса Кварацкелия, Валерий Ровинский өңдүү дикторлордун үндөрү калың массаны арбап, кийин Камил Султанбеков, Азиз Исамилов, Геннадий Ковалёвдордун үндөрү жаңырды. Андан кийин Жолдубай Кайыпов, Бактыбек Мамытов, Тамара Алсеитова, Абас Чикеев, Гүлшан Молдоева өңдүү чебер дикторлор керелден-кечке маанилүү жаңылыктар, адабий уктуруулар менен элге руханий азык толтурду.

WhatsApp Image 2025-05-07 at 12.29.47.jpeg

Москвадан алынган маанилүү маалыматтар, “Акыркы кабарлар”, “Кутмандуу болсун күнүңөр”, “Театр микрофондо”, “Адабияттык уктуруу”, классикалык чыгармалар менен жан дүйнөбүздү байыттык. Өлкөдөгү ар бир окуялардан – мына ушул радио аркылуу Кыргызстандын улам мезгил менен кошо алдыга жылганынан кабардар болдук.

WhatsApp Image 2025-05-07 at 12.33.28.jpeg

Тээ бир кезде, мындан жүз жылга жетпеген аралыкта радио Ала-Тоо ичинде жаңыдан жаңырса, эми бүгүнкү күнү эгемен Кыргызстанда радиожыштыктар кеңейип, бир канчалаган эркин радиолор ачылып, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

WhatsApp Image 2025-05-07 at 12.32.04.jpeg

7-Май – кесиптик майрамыңыздар менен куттук айтып, жалпыңыздарга арышыңыздар кең, асманыңыздар ачык болуп, үнүңүздөр ободо дайым жаңырып турсун демекчибиз!