Путиндин визити жана ЖККУ жыйыны: Коопсуздук жогорку деңгээлде камсыздалды

Коом Загрузка... 28 Ноябрь 2025 10:34
WhatsApp Image 2025-11-24 at 18.40.01 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 28.11.25. /Кабар/. Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визити жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөн мезгилде, борбор калаада коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кеңири жана кылдат чаралар көрүлдү.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, маанилүү иш-чараларды коштоо үчүн, коомдук коопсуздукту камсыздоого 4000ден ашуун милиция кызматкери тартылды.

Жогорку даражалуу делегациялардын жана иш-чаралар өтүүчү объектилердин коопсуздугу толук камсыздалды.

Бардык бөлүктөрдүн так жана координацияланган иш-аракетинин, ошондой эле кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгү жана тартибинин аркасында, эл аралык иш-чаралар тынч жана жайбаракат өттү.

Коомдук тартипти бузуу боюнча бир дагы факты катталган жок.