Путиндин мамлекеттик сапары алакалардын өнүгүүсүнө кошумча импульс берет – элчи

Саясат Загрузка... 25 Ноябрь 2025 18:10
2-pr-prezidenta_c3b (1).webp
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 25.11.25. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары алакалардын өнүгүүсүнө кошумча импульс берет. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө стратегиялык өнөктөш эки өлкөнүн кызматташтыгы жемиштүү болууда.

“Экономика, гуманитардык чөйрө, билим берүү, маданият деги эле стратегиялык өнөктөштүктөгү бардык тармактагы кызматташтык кеңейүүдө. Коопсуздук боюнча айта турган болсок, ЖККУнун алкагында биргелешкен иштер бар. Мындай алакалар эки өлкөнүн кызматташтыгын арттырып, жемиштүү кылууда. Биздин президентибиз Владимир Путиндин Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары алакалардын өнүгүүсүнө кошумча импульс берет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин 25–26–27-ноябрда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келет. Сапардын жүрүшүндө жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өтүп, эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана ЖККУ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери каралат.

Соода-экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык жана өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы алакаларды өнүктүрүүгө, ошондой эле чөлкөмдөгү коопсуздук маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Сапардын жыйынтыгында мамлекет башчыларынын биргелешкен билдирүүсүнө жана соода-экономикалык, каржылык жана башка чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда.