Путин: Сүйлөшүүлөр жемиштүү өттү, мамилелер жогорку деңгээлге көтөрүлдү

Саясат Загрузка... 26 Ноябрь 2025 18:00
8624625.2e16d0ba.fo.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Бүгүнкү сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, жалпысынан конструктивдүү мүнөздө өттү. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин “Ынтымак Ордодо” өткөн кеңири форматтагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында билдирди.

Ал белгилегендей, мунун бардыгы Россия менен Кыргызстандын ортосундагы чыныгы достук жана ынак коңшу мамилелердин мүнөзүнө толугу менен шайкеш келет.

“Биз эки тараптуу маселелердин бүтүндөй комплексин кенен талкуулап, актуалдуу региондук маселелер боюнча пикир алмаштык. Визиттин маанилүү жыйынтыгы Россия менен Кыргызстандын мамилелерин жаңы, андан да жогорку деңгээлдеги тереңдетилген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкка өткөрүү тууралуу биргелешкен билдирүүнүн кабыл алынышы болду.

Мындан тышкары, мамлекеттик мекемелер аралык бир катар келишимдерге кол коюлуп, алар практикалык өз ара кызматташууну кеңейтүүгө багытталган. Албетте, сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү темасына бурулду.

Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү рекордду жаңылап, 4 млрд доллардан ашты.

Быйыл да өз ара соода жүгүртүүсү жакшы темп менен өсүп, болжол менен 17% түзүүдө. Бул — жакшы көрсөткүч. Каржылык эсептешүүлөрдө биз дээрлик толугу менен чет өлкөлүк валюталардан баш тартып, туруктуу банк-насыялык каналдарын түздүк.

Коммерциялык бүтүмдөрдүн 97%ы улуттук валюта менен жүргүзүлүүдө. Россия тарап Кыргызстандын салыктык башкаруу жана товарларды маркировкалоо системасын жакшыртуусуна көмөктөшүүдө. Натыйжада Кыргызстандын бюджетине кошумча кирешелер биздин баалоолор боюнча 1 млрд доллардан ашык көбөйдү. Россия Кыргызстандын экономикасына ири инвестиция салган өлкөлөрдүн бири.

Жалпы 2 млрд долларга жакын Россия инвестициясы топтолгон. Кыргызстанда орус капиталынын катышуусу менен 1,7 миңге жакын ишкана энергетика, тоо-кен, айыл чарба, транспорт жана логистика сыяктуу негизги тармактарда иш алып барууда. Булардын баары Кыргызстандын президентинин туруктуу ички саясаты жана өлкөдөгү саясий туруктуулук аркылуу мүмкүн болду.

Биздин өлкөлөр Евразиялык экономикалык союздун алкагында тыгыз кызматташууда. Уюмдун башка мүчө мамлекеттери менен бирге товар, кызмат, капитал жана жумушчу күчүнүн жалпы рынокторун түзүүдөбүз.

Евразиялык интеграцияга катышуучу бардык мамлекеттерге, анын ичинде Кыргызстанга да талашсыз пайда алып келүүдө. Мисалы, республика ЕАЭБге киргенден кийинки 10 жыл ичинде анын ички дүң продукциясы эки эсеге көбөйдү. Россия эки тараптуу өнүктүрүү фондун каржылап, анын линиясы боюнча реалдуу сектордогу 3,5 миңден ашык долбоорго жалпы 1 млрд долларга жакын каражат багытталган. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти да өз сөзүндө айтып өттү.

Россия-Кыргызстан кызматташтыгынын эң маанилүү багыттарынын бири — энергетика. Биз Кыргызстанды күйүүчү май менен толук камсыздайбыз. Муну да жеңилдетилген шартта экспорттук бажы алымын кармабастан аткарабыз. Бул Кыргызстан үчүн түз экономикалык эффект берет.

Ошондой эле “Газпром” Кыргызстанга табигый газ жеткирип, аймактарды газдаштыруу программасына катышууда. Бул максатта орус концерндерине 400 млн доллардан ашык бөлүп, өлкөдө газ менен камсыздоо деңгээлин 42 пайызга жеткирүүгө мүмкүн болду. Бул иш мындан ары да улантылат.

Россия Кыргызстанды электр энергиясы менен да камсыз кылууда. Россия компаниялары кыргыз дарыяларындагы ГЭСтерди долбоорлоо жана модернизациялоого катышып жатат. Ысык-Көл облусунда ири күн электр станциясын, ал эми өлкөнүн түндүгүндө жаңы заманбап ЖЭБ куруу пландалууда.

“Росатом” уран өндүрүлгөн аймактарды рекультивациялоо боюнча кеңири масштабдуу программаны ишке ашырууда.

Кыргызстанда Россиянын алдыңкы чакан модулдук реактор технологиялары менен 1-АЭСти куруу мүмкүнчүлүгү изилденүүдө, бул технологиялар эң жогорку коопсуздук жана экологиялык талаптарга жооп берет.

Гуманитардык кызматташтык да салттуу түрдө ар тараптуу жана мазмундуу мүнөздө өнүгүүдө. Эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштар бекемделип, өнүгүп жатат”, - деп билдирди Путин.