Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Россиянын президенти Владимир Путин “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Кыргыз-Россия кызматташтыгынын эң маанилүү тармактарынын бири энергетика экенин билдирди.
Эскерте кетсек, россиялык лидер Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келген. Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык кызматташтык, соода жана өз ара аракеттенүү келечеги талкууланып, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлган.
Путин Россия Кыргызстандын күйүүчү-майлоочу майга болгон муктаждыгын толугу менен камсыздап, муну жеңилдетилген шартта, экспорттук бажы алымын албастан аткарып жаткандыгын белгиледи.
"Газпром" компаниясы Кыргызстанга жаратылыш газын жеткирип, кыргыз аймактарын газдаштыруу программасын ишке ашырууга кошулду.
"Бул максатта россиялык концерндерге 400 миллион доллардан ашык каражат бөлүнгөн, бул өлкөнүн газ менен камсыз болуу деңгээлин 42 пайызга жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бул иштер мындан ары да улантылат», — деп билдирди Путин.