Путин Кыргызстандын ЖККУга төрагалык кылуу учурундагы ишин жогору баалады

Саясат Загрузка... 26 Ноябрь 2025 14:50
8624625.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 26.11.25. /Кабар/. Биз Кыргызстандын Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна төрагалык кылуу учурундагы аткарган иштерин жогору баалайбыз, - деди Россиянын президенти Владимир Путин Бишкекте президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда.

Анын айтымында, Россия эстафетаны Кыргызстандан алып, 2026-жылы уюмга төрагалык кылат.

"Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери достук жана кызматташтык жөнүндөгү негизги келишимдин духунда өз ара урматтоонун жана бири-биринин кызыкчылыктарын эске алуунун негизинде ийгиликтүү өнүгүп жатат", - деди ал.